https://sputnik.kg/20210222/tazhik-tarap-kyrgyzstandyn-zharandaryn-karmoo-1051545152.html
Тажик тарап Кыргызстандан барган 22 кишини кармап кеткенби? Расмий жооп
Тажик тарап Кыргызстандан барган 22 кишини кармап кеткенби? Расмий жооп
Sputnik Кыргызстан
Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн билдиришинче, мал базарга барган беш киши жолдон адашып, мыйзамдуу чек ара бекетинен өтпөгөндүктөн Тажикстандын чекисттери... 22.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-22T12:52+0600
2021-02-22T12:52+0600
2021-12-15T22:50+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
азия
дүйнөдө
тажикстан
баткен
кармоо
адашуу
чек ара
https://sputnik.kg/img/104572/50/1045725040_0:164:1600:1065_1920x0_80_0_0_36715198a66124d98ce8e65bfc4bb053.jpg
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Тажикстандын укук коргоо органдары Кыргызстандын 22 жаранын кармап кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт. Кармалгандардын так санын жана себебин өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.Эске сала кетсек, кыргызстандыктарды тажик тарап барымтага алып алды деген маалыматтар кечээ социалдык тармактарда тарап, айрым ЖМКлар да жазып чыгышкан. Буга байланыштуу бүгүн митинг болору да айтылган.Өкүлчүлүктүн билдиришинче, 16-февралда Баткен районунун үч тургуну менен Кадамжай районунун эки жашоочусу Лейлектин Жаңы-Жер айыл аймагы аркылуу Тажикстандын мал базарына барып, Согди облусунун Кистакуз аймагынан кармалган. Алар жол таппай адашып, мыйзамдуу чек ара бекетинен өтүшкөн эмес.Бүгүн, 22-февралда, кармалгандардын жакындары өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиевге кайрылышкан.Суваналиев ошол эле учурда ар кандай себептер менен Тажикстандын аймагында кармалып күнөөсү аныкталган жарандар ал өлкөнүн мыйзамынын чегинде жоопко тартыларын кошумчалаган.Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү белгилегендей, Баткенден Тажикстандын аймагына өтүү үчүн үч негизги мыйзамдуу чек ара өткөрмө бекети бар. Алар Лейлек районундагы Кулунду жана Кайрагач, Баткен районундагы Кызыл-Бел посттору. Башка аймактан өтүү мыйзам бузуу болуп эсептелет.Ошону менен бирге чек аралаш аймактардагы жашоочулардын атайын белгиленген транзит жолдордон өтүүсү каралган. Ал Баткен районунун Көк-Таш, Таш-Тумшук, Ак-Сай жана Тажикстандын Исфара — Ворух жолдору болуп эсептелет.
https://sputnik.kg/20210216/batken-zhol-zhobosu-ozgocho-status-1051483251.html
https://sputnik.kg/20210218/batken-oblusu-ozgocho-makamga-ee-bolso-general-gubernator-zhetekteyt-1051504435.html
тажикстан
баткен
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104572/50/1045725040_114:0:1534:1065_1920x0_80_0_0_54316dc801b3e182114ea5b0fe929a62.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, азия, дүйнөдө, тажикстан, баткен, кармоо, адашуу, чек ара, билдирүү
жаңылыктар, коом, кыргызстан, азия, дүйнөдө, тажикстан, баткен, кармоо, адашуу, чек ара, билдирүү
Тажик тарап Кыргызстандан барган 22 кишини кармап кеткенби? Расмий жооп
12:52 22.02.2021 (Жаңыртылды: 22:50 15.12.2021) Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн билдиришинче, мал базарга барган беш киши жолдон адашып, мыйзамдуу чек ара бекетинен өтпөгөндүктөн Тажикстандын чекисттери кармаган.
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Тажикстандын укук коргоо органдары Кыргызстандын 22 жаранын кармап кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт. Кармалгандардын так санын жана себебин өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Эске сала кетсек, кыргызстандыктарды тажик тарап барымтага алып алды деген маалыматтар кечээ социалдык тармактарда тарап, айрым ЖМКлар да жазып чыгышкан. Буга байланыштуу бүгүн митинг болору да айтылган.
16 Бирдин айы 2021, 19:26
Өкүлчүлүктүн билдиришинче, 16-февралда Баткен районунун үч тургуну менен Кадамжай районунун эки жашоочусу Лейлектин Жаңы-Жер айыл аймагы аркылуу Тажикстандын мал базарына барып, Согди облусунун Кистакуз аймагынан кармалган. Алар жол таппай адашып, мыйзамдуу чек ара бекетинен өтүшкөн эмес.
Бүгүн, 22-февралда, кармалгандардын жакындары өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиевге кайрылышкан.
"Ыйгарым укуктуу өкүл учурда укук коргоо органдары тарабынан кыргызстандыктарды өлкөгө кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтты. Бүгүн облустун атайын өкүлдөрү менен кармалган кишилердин ата-энелеринин Тажикстанга барып, алардан кабар алып келүүсүнө шарт түзүлмөкчү. Өкүл чек аралаш аймактагы маселелерди мыйзам чегинде сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракеттер көрүлөрүн айтты", — деп жазылган билдирмеде.
18 Бирдин айы 2021, 16:07
Суваналиев ошол эле учурда ар кандай себептер менен Тажикстандын аймагында кармалып күнөөсү аныкталган жарандар ал өлкөнүн мыйзамынын чегинде жоопко тартыларын кошумчалаган.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү белгилегендей, Баткенден Тажикстандын аймагына өтүү үчүн үч негизги мыйзамдуу чек ара өткөрмө бекети бар. Алар Лейлек районундагы Кулунду жана Кайрагач, Баткен районундагы Кызыл-Бел посттору. Башка аймактан өтүү мыйзам бузуу болуп эсептелет.
Ошону менен бирге чек аралаш аймактардагы жашоочулардын атайын белгиленген транзит жолдордон өтүүсү каралган. Ал Баткен районунун Көк-Таш, Таш-Тумшук, Ак-Сай жана Тажикстандын Исфара — Ворух жолдору болуп эсептелет.