Чет элдиктерге мүлк сатпайт, калктын саны өсөт. Баткенге берилчү статустун жобосу

© Sputnik / Эмиль СадыровБаткен шаары. Архив
Баткен шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Жазылуу
Эгер өзгөчө аймак статусу берилип калса, баткендиктер бир катар социалдык жеңилдиктерди алып, облусту өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгат. Ал эми чет элдик жарандарга мүлк сатууга тыюу салынмакчы.
Бүгүн премьер-министр Улукбек Марипов Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселеси каралып жатканын билдирди. Ага ылайык, облуска жаңы дайындалган жетекчи Өмүрбек Суваналиев тиешелүү сунуштарын даярдап, жакын арада өкмөткө алып келет.
Эгер бул демилге ишке ашса, Баткендин жашоочуларына кандай жеңилдик жана артыкчылыктар берилиши мүмкүн. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы ушул жагдайды билип көрдү.

Өзгөчө статус берүүнүн максаты

2011-жылы "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" мыйзамы кабыл алынып, 2012-жылдын 1-январында күчүнө кирген. Дал ушул мыйзамга ылайык, чек ара аймактарына өзгөчө статус берилет.
Ички иштер министрлигинин 2020-жылдын жыйынтыгына арналган коллегиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2021
ИИМде ротация жүрүп, облус, район ИИБдеринин жетекчилери алмашты. Тизме
Анын максаты Кыргызстандын чек ара аймактарын бекемдөө, улуттук коопсуздукту, аймактын бүтүндүгүн жана мамлекеттик чек аранын кол тийбестигин камсыз кылууну көздөйт. Ошону менен бирге аймактагы калктын жашоо-турмушунун сапатын жана иш менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
Өзгөчө статуска ээ аймактын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгат.
Ал социалдык-экономикалык өнүктүрүү, КР чек ара аймактарына аймактык, экономикалык, демографиялык, маданий-диний жана башка түрдөгү экспансия менен агрессияга каршы күрөшүү чараларын камтыйт.
Өкмөт иштеп чыккан мамлекеттик программаны Жогорку Кеңеш бекитет.

Чектөөлөр

Өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарында чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана чет өлкөлүк юридикалык жактарга кыймылсыз мүлк объектилерин менчигинин түрүнө карабай сатууга (жеке менчигине өткөрүп берүүгө) тыюу салынат. Бирок бул норманын кайрылмандарга тиешеси жок.
Өкмөт белгилеген чек ара режиминин алкагында чет өлкөлүк жарандардын кириши, жашап турушу, иш жүргүзүүсү өзүнчө белгиленген тартипте ишке ашырылат.

Кандай калктуу конуштарга өзгөчө статус берилет?

  • Социалдык-экономикалык өнүгүүсү начар, калктын жашоо деңгээлинин төмөндүгүнүн жана элдин агылып кетишинин кесепетинен кырдаал туруктуу болбогон аймакка;
  • Табигый-климаттык шарты оор, өздөштүрүлүүсү начар жана аймактын негизги бөлүгүнө жетүү кыйын болгон аймакка;
  • Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаралуу тобокелдиги, алардын кесепеттери негизги улуттук кызыкчылыктарга олуттуу зыян келтириши жана КРдин конституциялык түзүлүшүнө, аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине түздөн-түз таасир этиши мүмкүн болгон аймакка.
  • Өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарынын тизмеги КР өкмөтү тарабынан бекитилет.
  • Өзгөчө статус берилген аймакты өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик иштер:
  • Жер участокторун өздөштүрүү, инфраструктурасын жакшыртуу жана өнүктүрүү;
  • Коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, финансылык жактан колдоо;
  • Тургундардын жашоо-турмушунун сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү жана КРдин калктуу конуштарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү деңгээлиндеги айырмачылыктарын кыскартуу;
  • Тургундарды иш менен камсыздоо деңгээлин жогорулатуу;
  • Жаратылыш ресурстарын сактоону жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо;
  • Жергиликтүү тургундардын арасынан адистерди даярдоо, алардын квалификациясын жогорулатуу жана КРдин жаш адистерин чек ара аймагындагы калктуу конуштарга тартуу үчүн шарт түзүү;
  • Өнүктүрүүгө тиешелүү республикалык программаларды, изилдөөлөрдү координациялоо жана финансылык жактан колдоо;
  • Жаратылыштык, техногендик жана эпидемиологиялык мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо жана алдын алуу;
  • Коомдук жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдарын жана Чек ара кызматын чыңдоо;
  • Калкын аскердик-патриоттук жактан даярдоо боюнча иштерди күчөтүү;
  • Өзгөчө статус алган аймактан КР жарандарынын миграциясын алдын алуу үчүн шарттарды жакшыртуу;
  • Кыргыз Республикасынын жарандарын туруктуу жашоого тартуу, калктуу конуштардын жана ал жерлерде жашаган элдин санын көбөйтүүгө шарттарды түзүү;
  • Чек ара аймактарында чектеш сооданы ишке ашыруу үчүн жеке жана юридикалык жактарга шарттарды түзүү;
  • Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарын өнүктүрүү жаатындагы башка милдеттерди чечүү.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймагын өнүктүрүү жаатындагы өздөрүнүн милдеттерин жана башка артыкчылыктуу функцияларды аткарат.

Жергиликтүү тургундарга көрсөтүлчү социалдык колдоо

Мамлекет туруктуу жашаган жарандарга мамлекеттик кепилдиктерди, компенсацияларды жана жеңилдиктерди белгилөө аркылуу социалдык колдоо көрсөтөт.
Аппарат правительства КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2021
Агенттик менен ведомстволордун тагдыры чечилип, кимиси каякка кошулары анык болду
Компенсациялардын өлчөмү жана аларды төлөө тартиби өкмөт тарабынан аныкталат.
Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн бюджеттеринин, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын (жумуш берүүчүлөрдүн) каражаттарынын эсебинен кошумча кепилдиктер жана компенсациялар берилиши мүмкүн.
Жогоруда аталган мыйзамдын ченемдерин бузган тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Жаңылыктар түрмөгү
0