https://sputnik.kg/20210219/talaybek-bektenov-elektr-stantsiyalary-direktor-1051516666.html
Талайбек Бектенов "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору болду
Талайбек Бектенов "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору болду
Sputnik Кыргызстан
Бектенов үстүбүздөгү жылдын 24-январында эле ишкананын башкы директорунун биринчи орун басары болуп кызматтан жогорулаган болчу. 19.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-19T16:20+0600
2021-02-19T16:20+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
"электр станциялары" аак
жетекчи
талайбек бектенов
ишкана
директор
https://sputnik.kg/img/07e4/09/09/1049568313_0:1:3072:1739_1920x0_80_0_0_4d5672c1aa7998766e9f1bf5f7fa315f.jpg
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. "Электр станциялары" ААКтын директорлор кеңешинин чечими менен компаниянын башкы директору болуп Талайбек Бектенов дайындалды. Бул туурасында ишкананын маалымат кызматы билдирди.Буга чейин башкы директор Жолдошбек Ачикеев болгон. Ал 1-февраль күнү өз ыктыяры менен кызматтан кетип, убактылуу анын милдетин Бектенов аткарып жаткан. Ага чейин ал башкы директордун орун басары болуп иштеген.Талайбек Бектенов 1973-жылы туулган. 1996-жылы Кыргыз технологиялык университетинде өнөр жай ишканаларын электр менен жабдуу адистигин аяктаган.Эмгек жолун Шамалды-Сай ГЭСинде нөөмөтчү инженерликтен баштаган.Соңку беш жылда аркалаган кызматтары:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/09/09/1049568313_0:0:3072:1930_1920x0_80_0_0_2bfd97dc81b8ffdd1ac0a2f2a7489ae7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, "электр станциялары" аак, жетекчи, талайбек бектенов, ишкана, директор
жаңылыктар, коом, кыргызстан, "электр станциялары" аак, жетекчи, талайбек бектенов, ишкана, директор
Талайбек Бектенов "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору болду
16:20 19.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Бектенов үстүбүздөгү жылдын 24-январында эле ишкананын башкы директорунун биринчи орун басары болуп кызматтан жогорулаган болчу.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. "Электр станциялары" ААКтын директорлор кеңешинин чечими менен компаниянын башкы директору болуп Талайбек Бектенов дайындалды. Бул туурасында ишкананын маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин башкы директор Жолдошбек Ачикеев болгон. Ал 1-февраль күнү өз ыктыяры менен кызматтан кетип, убактылуу анын милдетин Бектенов аткарып жаткан. Ага чейин ал башкы директордун орун басары болуп иштеген.
Талайбек Бектенов 1973-жылы туулган. 1996-жылы Кыргыз технологиялык университетинде өнөр жай ишканаларын электр менен жабдуу адистигин аяктаган.
Эмгек жолун Шамалды-Сай ГЭСинде нөөмөтчү инженерликтен баштаган.
Соңку беш жылда аркалаган кызматтары:
- 2015-2018 — "Электр станциялары" ААКтын филалында — ГЭС куруу ишканасында башы инженер;
- 2018-2018 — "Электр станциялары" ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары;
- 2018-2019 — "Электр станциялары" ААКтын техникалык директору;
- 2019-2020 — "Электр станциялары" ААКтын башкы директорунун орун басары;
- 2021-жылдын 24-январынан тарта "Электр станциялары" ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары.