https://sputnik.kg/20210213/bishkek-mehriyasy-500-min-somgo-fitnes-braslet-1051446283.html
Бишкек мэриясы 500 миң сомго фитнес-браслет сатып алуу себебин түшүндүрдү
Бишкек мэриясы 500 миң сомго фитнес-браслет сатып алуу себебин түшүндүрдү
Sputnik Кыргызстан
Муниципалитет фитнес-браслеттер кызматкерлер үчүн эмес экенин айтып, алар кимдерге берилерин билдиришти. 13.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-13T16:53+0600
2021-02-13T16:53+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
бишкек мэриясы
тендер
https://sputnik.kg/img/07e5/02/0d/1051445434_0:263:3072:2001_1920x0_80_0_0_c649be5023de07061a1c71843fed5eca.jpg
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бишкек мэриясы эмне себептен 500 миң сомго 250 фитнес-браслет сатып алганы жатканын түшүндүрдү.Свердлов райондук администрациясынын тендер боюнча кулактандыруусу мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган.Мэриядан билдиришкендей, тендер 8-март — Эл аралык аялдар күнүн утурлай жарыяланган. Майрамга карата райондун ардактуу жашоочуларына жана активист кыз-келиндерге белекке берилет.Муниципалитеттен билдиришкендей, 2020-жылы пандемия күч маалында мындай иш-чара өткөрүлбөй, аялдарга жетишерлик көңүл бурулбай калган.Тендерде талапка жооп бергендердин арасында эң төмөнкү бааны сунуштаган тарап жеңүүчү деп табылат.Мэриядан кошумчалашкандай, акимчиликтин бюджетинде белек алууга же кызматкерлерге башка сыйлыктарды берүүгө каражат каралган эмес.
https://sputnik.kg/20201209/bishkek-mehriya-tender-avtobus-1050721854.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/0d/1051445434_0:118:3072:2048_1920x0_80_0_0_06aa069bf348a76764349122976a1c52.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек мэриясы, тендер
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек мэриясы, тендер
Бишкек мэриясы 500 миң сомго фитнес-браслет сатып алуу себебин түшүндүрдү
16:53 13.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Муниципалитет фитнес-браслеттер кызматкерлер үчүн эмес экенин айтып, алар кимдерге берилерин билдиришти.
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бишкек мэриясы эмне себептен 500 миң сомго 250 фитнес-браслет сатып алганы жатканын түшүндүрдү.
Свердлов райондук администрациясынын тендер боюнча кулактандыруусу мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган.
Мэриядан билдиришкендей, тендер 8-март — Эл аралык аялдар күнүн утурлай жарыяланган. Майрамга карата райондун ардактуу жашоочуларына жана активист кыз-келиндерге белекке берилет.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 2020-жылы пандемия күч маалында мындай иш-чара өткөрүлбөй, аялдарга жетишерлик көңүл бурулбай калган.
"Белек сергек жашоо образын эске салуу менен тандалган. Өзгөчө улгайып калган адамдарга керектүү буюм. Тендердин шарттары боюнча браслетте кан басымын, пульсту, уйкуну, кыймылды көзөмөлдөө функциялары бар болушу керектиги айтылган", — деп жазылган билдирүүдө.
Тендерде талапка жооп бергендердин арасында эң төмөнкү бааны сунуштаган тарап жеңүүчү деп табылат.
Мэриядан кошумчалашкандай, акимчиликтин бюджетинде белек алууга же кызматкерлерге башка сыйлыктарды берүүгө каражат каралган эмес.