https://sputnik.kg/20210212/ehmgek-tutumun-ozgortuu-tuuraluu-1051431822.html
Юрист саатына акы төлөө эмгек тутумунун күнгөй-тескейин айтып берди
Юрист саатына акы төлөө эмгек тутумунун күнгөй-тескейин айтып берди
Sputnik Кыргызстан
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, юридика илимдеринин кандидаты Артур Бакиров сааттык акы төлөө системасына өтүү үчүн тийиштүү мыйзамдарга... 12.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-12T14:50+0600
2021-02-12T14:50+0600
2021-12-14T14:27+0600
радио
коом
кыргызстан
эмгек
акы
юрист
өкмөт
артур бакиров
https://sputnik.kg/img/07e5/02/0c/1051431886_0:0:3067:1734_1920x0_80_0_0_1a735ad7c129272e1fa51542842b0367.jpg
Юрист саатына акы төлөө эмгек тутумунун күнгөй-тескейин айтып берди
Sputnik Кыргызстан
Юрист саатына акы төлөө эмгек тутумунун күнгөй-тескейин айтып берди
Сааттык акы төлөө графиги киргизилсе маянада анчалык деле өзгөрүү болбошу ыктымал. Ошол эле учурда иши узарып кеткен кызматкерлердин айлык акысы жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, учурда мындай система мугалимдер, вахталык ыкма менен иштегендерге колдонулат.Юрист, ошондой эле, сааттык акы төлөө графигин киргизүү менен кызматкерлердин ишинин эффективдүүлүгүн аныктаган механизмди иштеп чыгуу зарылдыгын кошумчалады.Белгилей кетсек, өкмөттүн 3-февралда бекитилген "Чыныгы максаттар, жаңы багыттар" программасынын "Экономиканы модернизациялоо" бөлүмүндө эмгек рыногун стимулдаштыруу үчүн окладдык системанын ордуна сааттык акы төлөө жана аткарылган ишке жараша маяна чегерүүгө өтүү жазылган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/0c/1051431886_0:0:3067:1928_1920x0_80_0_0_3330bf395ef9c2eba116ac87e40e9732.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, эмгек, акы, юрист, өкмөт, артур бакиров
коом, кыргызстан, эмгек, акы, юрист, өкмөт, артур бакиров
Юрист саатына акы төлөө эмгек тутумунун күнгөй-тескейин айтып берди
14:50 12.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, юридика илимдеринин кандидаты Артур Бакиров сааттык акы төлөө системасына өтүү үчүн тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарыл экенин белгиледи.
Сааттык акы төлөө графиги киргизилсе маянада анчалык деле өзгөрүү болбошу ыктымал. Ошол эле учурда иши узарып кеткен кызматкерлердин айлык акысы жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу Артур Бакиров
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда мындай система мугалимдер, вахталык ыкма менен иштегендерге колдонулат.
"Сааттык акы төлөө учурда жаңылык эмес. Чет өлкөлөрдө бул ыкма жолго коюлган, бирок тактоо иштери зарыл. Маселен, мугалимдер бир саат сабак өтөт. Ошону менен табель толтурулат. Ал эми мамлекеттик кызматкерлердин сааттары кантип эсептеле турганын аныкташ керек. Мындан тышкары, тийиштүү мыйзамдарга, Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү зарыл. Себеби бүгүнкү күндө мамлекеттик, муниципалдык жана башка кызматтарда сааттык акы төлөнүү көрсөтүлгөн эмес. Ошондуктан сааттык акы төлөө графигин киргизүү 5-6 айды талап кылат", — деди Бакиров.
Юрист, ошондой эле, сааттык акы төлөө графигин киргизүү менен кызматкерлердин ишинин эффективдүүлүгүн аныктаган механизмди иштеп чыгуу зарылдыгын кошумчалады.
Белгилей кетсек, өкмөттүн 3-февралда бекитилген "Чыныгы максаттар, жаңы багыттар" программасынын "Экономиканы модернизациялоо" бөлүмүндө эмгек рыногун стимулдаштыруу үчүн окладдык системанын ордуна сааттык акы төлөө жана аткарылган ишке жараша маяна чегерүүгө өтүү жазылган.