Ошто жер титиреди

© AFP / OLIVIER MORINСейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив
Сейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Жазылуу
Жер титирөө Алай районунун Эркеч-Там, Нура, Икизяк айылдарында 3 балл, ага жакын жердеги айылдарда 2,5 баллга чейин сезилген.
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Ош облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, жер титирөө 11-февралга караган түнү саат 03:24тө катталган.
Жердин силкинүүсү Алай районунун Эркеч-Там, Нура, Икизяк айылдарында 3 балл, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0