Кыргызстандан Германияга жеткен 670 кг героин. Чуулуу кылмыш кантип жасалган

© AP Photo / MICHAEL SOHNГероин. Архив
Героин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
Жазылуу
Эки жыл мурун Германия менен Польшанын чек арасына жакын шаарда укук коргоо кызматкерлери 670 килограмм героин жүктөп бара жаткандарды колго түшүргөн. Анда бир топ ЖМКлар ири көлөмдөгү баңгизат Кыргызстандан келгендигин жазып чыккан.
Sputnik Кыргызстан агенттиги жарым тоннадан ашкан мыйзамсыз жүк кантип бир катар мамлекеттин чек арасынан өтүп Европага чейин жеткенине кызыгып көрдү.
Материал Биринчи май райондук сотунун чечими менен ИИМдин расмий маалыматтарынын негизинде жасалды. Бул чуулуу ишти КР милиционерлери да тергеп, ага тиешеси бар шектүүлөрдү колго түшүрүп, сотко үч иш өткөргөн.

Баңгизат Кыргызстанга Афганистандан келген деп болжолдонгон

Кыргызстандан 2019-жылдын башында ири көлөмдөгү баңгизатты чет өлкөгө жөнөткөн кылмыштуу топко Мамлекеттик бажы кызматынын, Соода-өнөр жай палатасынын жооптуу кызматкерлери менен Ички иштер министрлигинин 7-башкы башкармалыгынын мурдагы кызматкери көмөктөшкөн. Ага Бишкектеги "Элит Шоко", "Дилде-Сервис" жоопкерчилиги чектелген коомдорунун негиздөөчүлөрү жана Кыргызстан, Түркия, Нидерланд падышалыгынын жарандары катышып, 670 килограмм героин түрүндөгү баңгизат Европага жөнөтүлгөн. Укук коргоо кызматкерлери ал Кыргызстанга Афганистандан гана келиши мүмкүн деп болжолдошкон.
© REUTERS / German Customs / HandoutЭки жыл мурун Германия менен Польшанын чек арасына жакын шаарда укук коргоо кызматкерлери 670 килограмм героин жүктөп бара жаткандарды колго түшүргөн
Спецоперация по задержанию самой большой партии героина в Германии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Эки жыл мурун Германия менен Польшанын чек арасына жакын шаарда укук коргоо кызматкерлери 670 килограмм героин жүктөп бара жаткандарды колго түшүргөн

Иш кандай жүргөн

Ирандан алып келинген шириндиктер (халва, шербет, рахат-лукум) "Дордой" базарынын жанындагы жана борбор калаадагы 7-апрель көчөсүндөгү кампада сакталганы айтылат. Так ошол жактан тышкы жасалгасын оңдоп, ичине баңгизат салып сыртка чыгарууга даярдалган. Андан соң 20 тонна 71 килограмм болгон жүккө тиешелүү уруксат кагаздарды мамлекеттик органдарда жогорку кызматтагы тааныштары бар юрист толугу менен бүтүрүп, бажычыларга бир күндө эле текшерткен. Ал азыктар Бишкекте катталган "Элит Шоко" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык болуп, товарларды "Дилде Сервис" ЖЧКсы декларациялаган. Аталган ишкананын негиздөөчүлөрү катары Пойраз Бурак менен Жолдошева Аида Алмухамбетовна көргөзүлгөн.
© REUTERS / German Customs / HandoutУкук коргоо кызматкерлери ал Кыргызстанга Афганистандан гана келиши мүмкүн деп болжолдошкон
Спецоперация по задержанию самой большой партии героина в Германии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Укук коргоо кызматкерлери ал Кыргызстанга Афганистандан гана келиши мүмкүн деп болжолдошкон

Героин 50 миллион еврого бааланган

Ошентип, 2019-жылдын 16-майында өлкө аймагынан 20 тоннага жакын таттуу-тарапа 670 килограмм героин менен бажычылардын текшерүүсүнөн кийин КРден чыгып кеткен. Жүк 4500дөй чакырым жолду басып, бир нече республиканын чек арасынан өткөн. Бирок кылмыштуу топ өзүнүн максатына жетпей калган. Анткени Европа мамлекеттери өз ара ыкчам маалыматтар менен бөлүшүп, Германия менен Польшанын укук коргоо органдары ошол эле жылдын 1-июнуна караган түнү тергөө иштерин жүргүзгөн. Жыйынтыгында эки өлкөнүн чек арасына жакын жердеги Франкфурт-на-Одере шаарында баңгизатка толтурулган DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны кармап, андагы ар бир кутуну текшерип, 670 килограмм героинди таап чыккан. Германиялык эксперттер анын жалпы баасын 50 миллион евро деп баалаган.
Бул окуя тууралуу бир катар жергиликтүү жана эл аралык ЖМКлар жазып чыккан. Атургай Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын чыгарган китебине чейин кирген.

Эки жылга жакын созулган тергөө

Шектүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2021
Сүйгөнүн кетирбеш үчүн милицияга карматып... Январдагы соттук чечимдер

Ал эми Кыргызстандагы тергөөчүлөр ал чуулгандуу иш боюнча 2019-жылы тергөөнү баштап, бир катар шектүүлөрдү колго түшүрүп, Жазык кодексинин 267 ("Сатуу максатын көздөп наркотикалык каражаттарды мыйзамсыз даярдоо"), 270 ("Бажы чек арасы аркылуу өткөрүүнүн атайын эрежелери орнотулган предметтердин контрабандасы"), 359 ("Документтерди жасалмалоо") жана 215-беренелери ("Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу") боюнча сотко чейинки бир катар өндүрүштү ачкан. Бирок Ички иштер министрлиги эки жылга жакын убакыттан бери тергеп келе жаткан, Кыргызстанды далайга тааныткан кылмыштын толук чоо-жайын берүүдөн баш тартты.

Буга чейин ИИМдин маалымат кызматы кылмыштуу топ өзгөчө ири өлчөмдөгү героин ташуу каналын жөндөп алышкандыгын кабарлаган.
"Аталган топтун мүчөлөрү Ирандан Европа биримдигине Борбордук Азия мамлекеттери аркылуу транзит менен өзгөчө ири өлчөмдөгү героин ташуу каналын жолго коюп алышкан. Эки кыргызстандыкты ИИМ колго түшүрүп, кийин дагы бирөөнө жана топтун чет элдик башка мүчөлөрүнө мамлекеттер аралык издөө жарыяланды", — деп билдирүү тараткан.
Учурда аталган иштин бир уюштуруучусу Түркияда абакта жазасын өтөп жатса, бир кыргызстандык жаран эл аралык издөөдө жүрөт.

Мамлекеттин кадырын түшүргөн кылмыш

Экс-вице-премьер Алтынай Өмүрбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2021
Жээнбековдун "кишилери", сурак жана кызмат. Алтынай Өмүрбекованын маеги. II бөлүк

Ири көлөмдөгү баңгизатка байланыштуу үч иш сотко өткөрүлүп, жакында бирөөсүнө карата өкүм чыкты. Ага ылайык, буга чейин сот жоопкерчилигине тартылбаган 23 жаштагы жигит прокуратура менен кызматташууга барып тергөөгө жардамдашып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Фемида өкүлдөрү ага эл аралык аренада Кыргызстандын кызыкчылыгына зыян келтиргени үчүн 300 миң сом айып салып, камактан бошоткон.

Кошумчалай кетсек, 2020-жылы КР аймагынан баңгизаттарга байланыштуу 1042 кылмыш жана жорук катталып, милиционерлер бир жылда эле жалпы жонунан 4 тонна 335 килограммдан ашык мыйзамсыз каражаттарды алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0