Рак болгондордун акыркы үмүтү эле... Линиялык тездеткичтер дагы деле иштей элек

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүЛиниялык тездеткич. Архив
Линиялык тездеткич. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Жазылуу
Эсиңерде болсо мындан эки жыл мурда Улуттук онкология жана гематология борборуна линиялык тездеткич сатып алдык, эми ракка кабылгандардын көбүнүн өмүрү сакталып калат деп сүйүнгөнбүз. Көрсө жабдуулар ушул күнгө чейин орнотула элек экен.
2017-жылы кыргыз өкмөтү менен болгон келишимдин негизинде Centerra Gold Inс компаниясы Онкология жана гематология улуттук борборуна заманбап жабдууларды сатып алуу үчүн 10 миллион доллар бөлүп берген. Бул учурда өлкөгө залалдуу шишикке кабылган бейтаптарды нур терапиясы менен дарылоо үчүн линиялык тездеткич аппараттары зарыл болуп турган.
Ошентип, аларды сатып алуу үчүн бир эмес эки ирет тендер жарыяланып, экөө тең чыр менен коштолуп, жыйынтыгы жокко чыгарылган.
Үчүнчү тендер 2019-жылдын февраль айында аяктап, анда эстониялык MN Medical OU компаниясы утуп чыккан. Жыйынтыгында жеңүүчү компания, жабдуу орнотулчу онкологиялык оорукана жана мамлекеттин атынан каражатты төлөп берүүчү катары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) ортосунда келишим түзүлгөн.
Особая экономическая зона Дубна - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2020
Кант диабети менен ооругандар арзандатылган тесттерди сатып алса болот
Андан бери жабдууларды орното турган атайын бункерлер даярдалып, техника былтыр алып келинген. Аны ишке киргизүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Sputnik Кыргызстандын кабарчысы себебин билүүгө аракет кылды.
Тендердин шарты боюнча MN Medical OU компаниясына алгачкы төлөм катары аппараттардын баасынын 10 гана пайызы төлөнгөн. Калган 90 пайызын жабдуу толугу менен ишке киргенде алышмак.

Турган аппаратка кол тийгизе албай кыйналган дарыгерлер

Онкология борборунан билдиришкендей, заманбап аппараттар ушул тапта таңгагынан чыгарылбай турат.
"3,8 миллион долларга тендер аркылуу 2018-жылы өндүрүштөн чыккан эки даана Elekta Synergy аппаратын сатып алганбыз. Бирок пандемиядан улам кечигүүлөр болуп отуруп, өндүрүүчү бизге андан да жаңы 2019-2020-жылдары чыккан аппараттарды алып келип берген. Учурда анча-мынча иштер калды. Аларды бүтүрүү үчүн Түркия менен Россиядан адистердин келишин күтүп жатабыз", — деп айтылат Онкология борборунун билдирүүсүндө.
Ошондой эле оорукананын жетекчилиги буга чейин кандай иштер жасалганын түшүндүрдү.
"Өндүрүүчү завод койгон талаптар боюнча радиациялык коопсуздукту сактоо менен атайын бункерлер дайындалды. Алардын автоматтык түрдө иштечү эшиктерин орнотууга бир топ убакыт кетти. Негизги жабдууну муздатып туруучу система дагы даяр. Болгону тынымсыз энергия берип туруучу жабдуулар орнотулушу керек, ага дагы эки айдай убакыт талап кылынат", — деп айтылат билдирүүдө.
© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүЭски ыкма менен дарылаган "Бабатрон" аппараты адамдын оорулуу клеткаларынан тышкары соо ткандарын күйгүзүп, бир топ көйгөйлөрдү жаратууда
Работа онкодиспансера в Тамбове - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Эски ыкма менен дарылаган "Бабатрон" аппараты адамдын оорулуу клеткаларынан тышкары соо ткандарын күйгүзүп, бир топ көйгөйлөрдү жаратууда
Анткен менен эстониялык компаниянын башкы директору Валерий Трофимов тендер боюнча козголгон кылмыш иши оң жагына чечилмейин аппараттар орнотулбай турганын айтты.
Кыргыз-түрк Достук ооруканасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2020
Түркия элчилиги: кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы пандемия аяктаары менен ачылат
Ал эмне болгон кылмыш иши десеңиз, УКМК биз сөз кылып жаткан тендер боюнча КР Жазык кодексинин 234-беренесинин ("Ачык тооруктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу") негизинде кылмыш иши ачылганын билдирди. Аны былтыркы жылдын 30-октябрынан тарта УКМКнын Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү карап жатыптыр.
Ошондой эле тендердик иш боюнча документтердин бардыгы Улуттук онкология жана гематология борборунан алынганы кошумчаланды.
"Биздин компания аркылуу Кыргызстанга сатылган Synergy аппараттарынын өндүрүүчүсү болуп эсептелген Elekta компаниясынын өкүлү 16-17-февраль күндөрү Бишкек шаарына барып, аппараттарды орнотуучу бункерлердин даярдыгын көрөт. Бирок бардыгы даяр болгон күндө дагы УКМК тарабынан козголгон кылмыш иши оң жагына чечилмейинче аппараттарды орнотууга биз уруксат бербейбиз. Анткени Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бизге төлөчү каражаты териштирүү иштери аяктаганга чейин камакка алынган, демек, биз акчабызды көпкө чейин ала албай калышыбыз мүмкүн", — деди Трофимов.
Сөз болуп жаткан каражат чындап эле камакта турганын аталган фонддон дагы тастыкташты.

Ооруганы аз келгенсип үй-жайсыз калгандар

Ал ортодо бул аппараттардын иштебей турушу бир топ бейтаптарды, алардын жакындарын кыйынчылыкка кептеп жатканын Паллиативдик жардам ассоциациясынын теңтөрайымы Таалайгүл Сабырбекова билдирди.
Анын адистердин маалыматына таянып айтканына караганда, жыл сайын Кыргызстанда залалдуу шишиктин 6 миңдей жаңы учуру катталат. Алардын жарымынан көбү нур терапиясы менен дарылоого муктаж болушат.
"Жакында эле өзүмдүн тууганыма нур терапиясы керек болуп, Алматы шаарына барып келди. Дарылануусуна 2 миң доллардай акча кетиптир. Мындан дагы көп акча коротуп, Россия, Түркия, Буларуска баргандар четтен чыгат. Айрымдар аман калуу үчүн үйүн сатышат, карызга батып, туугандарынан жардам сурашат. Акыры барып бир оорулуунун айынан бир нече киши жакырчылыкка кептелет", — деди Сабырбекова.
Мындан улам адис бул жерде адам өмүрүн сактап калуудан тышкары экономикалык дагы маселелер турганын айтат.
Нур тездеткич эки комплект-аппарат Кыргызстанга алып келинди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2020
Көптөн күткөн аппарат алып келинди! Онкология борборундагы жаңы жабдуу
"Канчалаган мекендештер чет өлкөлөрдө дарыланып, акчаларын ошол жакка таштап келип жатат. Биздин жарандардын эсебинен башка өлкөлөрдүн медициналык туризми өнүгүүдө", — деди теңтөрайым.
Мындан тышкары, ал ассоциацияга кайрылган бейтаптардын көпчүлүгү эски ыкма менен дарылаган "Бабатрон" аппаратынын кыйыр таасиринен жабыркагандар экенин айтып кейиди. Сабырбекованын пикиринде, бул аппараттар адамдын оорулуу клеткаларынан тышкары соо ткандарын күйгүзүп, бир топ көйгөйлөрдү жаратууда.
© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖыл сайын Кыргызстанда залалдуу шишиктин 6 миңдей жаңы учуру катталат. Алардын жарымынан көбү нур терапиясы менен дарылоого муктаж
Национальный медицинский исследовательский центр имени академика Е. Н. Мешалкина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жыл сайын Кыргызстанда залалдуу шишиктин 6 миңдей жаңы учуру катталат. Алардын жарымынан көбү нур терапиясы менен дарылоого муктаж

КР сатып алган аппараттардын кандай артыкчылыгы бар

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, эстониялык MN Medical OU компаниясынын линиялык тездеткичтерин бизге жакын мамлекеттерден Россия, Беларусь, Өзбекстан колдонот. Андыктан бул өлкөлөрдөгү адистер менен сүйлөшүп көрдүк.
Минск шаарындагы клиникалык онкологиялык диспансердин башкы дарыгеринин орун басары Елена Зверева Elekta Synergy аппараты менен рактын дээрлик бардык түрлөрүн дарыласа болорун айтат.
"Бул заманбап техника менен иштей элек адистер үчүн жаңы деңгээлге өтүү үчүн эң ыңгайлуу машина. Жөнөкөй, иштөөгө жеңил, дарыгер эч тоскоолдуксуз өздөштүрүп, көнүп кетет. Дагы бир артыкчылыгы — бир моделдеги аппаратка кайсы бир тетикти орнотуу, башкача айтканда, модернизациялоо жолу менен машинаны таптакыр башка деңгээлге өткөрүп алса болот", —  деди Зверева.
Ал эми Өзбекстандын Республикалык онкология жана радиология боюнча илимий-тажрыйба борборунун нур терапиясы бөлүмүнүн башчысы Жамшид Алимов аппарат күнүнө канча кишини дарылай аларын айтып берди.
"Бул линиялык тездеткичти колдонуп жатканыбызга үч жылдай болду. Эгер бейтаптар көп болсо, бир аппарат 90го чейин кишини дарылаган күндөр болгон. Бирок бардыгы сапаттуу болуш үчүн 60тан ашырбай эле койгон туура. Негизи аппарат нурду болушунча зыянсыз жана тегиз бөлүп бергендиктен, бир гана ракты эмес, залалсыз шишиктерди дагы дарылоого болот", — деди Алимов.
Ал эми кыргызстандык адистер алты сааттык бир жолку сменде 40тын тегерегиндеги бейтапты дарылоону пландап жатат. Ошондой эле эки аппарат бирдей болгондуктан, бири иштебей турса, бейтап аны күтпөстөн экинчисине жатып дарылануусун уланта берсе болорун айтышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0