Бишкектин вице-мэри Азиз Алымкулов кызматынан бошотулду

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Бишкектин вице-мэри Азиз Алымкулов. Архив
Бишкектин вице-мэри Азиз Алымкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Жазылуу
Алымкулов бул кызматка эки жыл мурун келген. Ал буга чейин шаар башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевден сын уккан.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Бишкектин вице-мэри Азиз Алымкулов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу шаардык кеңештин сессиясында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.
Анын айтымында, Алымкулов жаңы жумушка которулган. Транспорт тармагын караган вице-мэрдин орду азыр бош турат.
Буга чейин шаар башчысы Балбак Түлөбаев эки вице-мэрди — Азиз Алымкулов менен Азамат Сагындык уулун Бугу эне-Багыш конушуна жаңы маршруттук линияны жүргүзбөгөнү үчүн эскертүү берген.
Алымкулов бул кызматка 2019-жылы февралда келгени маалым.
Жаңылыктар түрмөгү
0