Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековПогода в Нарынской области
Погода в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2021
Жазылуу
8-февралга караган түнү өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүп, тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп тайгак болот.
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаашы болжолдонду. Кээ бир райондордо туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +9…+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +10…+15, Ысык-Көл өрөөнүндө +3…+8, Нарын аймагында -1…-6 градус болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +12…+14 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0