33 жыл мурун... Зилзаладан бүк түшкөн Арменияга Кыргызстандын жардамы. Сүрөт

Жазылуу
1988-жылы 7-декабрда Арменияда жер титиреп, отуз секунддун ичинде 25 миң адамдын өмүрүн алган. 140 миң жаран майып болуп, 514 миң атуул баш паанексиз калган.

Бул зилзаланын очогу Спитак шаарында болгондуктан, ал калаа толугу менен талкаланган. Ошол эле учурда Ленинакан (азыркы Гюмри), Кировакан (азыркы Ванадзор) жана Степанаван шаарлары катуу кыйраган. Зилзаланын айынан 21 калаа, 350 кыштак жабыркаган. Анын ичинде 58 айыл жер менен жексен болгон.

Армян элинин башына түшкөн апаатта Кыргызстан кандай көмөк көрсөткөндүгү тууралуу техникалык илимдердин кандидаты, КР Инженердик академиясынын мүчө-корреспонденти Жолочу Асанкулов менен Ысык-Көл геофизикалык полигонунун жетекчиси Кеңешбек Жумабаев коомчулуктун басымдуу бөлүгү биле берген фактыларды айтып берди.

© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРКыргызстан жапа чеккен армян кыштактарына транспорттук каражаттар, автоунаа, курулуш техникасы, механизмдер жана гуманитардык жардамды жөнөтүп жаткан учур. Фрунзе шаары. 1988-жыл. Автору А.Толмачев.
Кыргызстан жапа чеккен армян кыштактарына транспорттук каражаттар, автоунаа, курулуш техникасы, механизмдер жана гуманитардык жардамды жөнөтүп жаткан учур. Фрунзе шаары. 1988-жыл.  - Sputnik Кыргызстан
1/16
Кыргызстан жапа чеккен армян кыштактарына транспорттук каражаттар, автоунаа, курулуш техникасы, механизмдер жана гуманитардык жардамды жөнөтүп жаткан учур. Фрунзе шаары. 1988-жыл. Автору А.Толмачев.
© Sputnik / Юрий Абрамочкин / Медиабанкка өтүүСоветтер Союзунун жетекчиси Михаил Горбачев (оң жакта) АКШда расмий иш сапарынын учурунда, АКШнын президенти Рональд Рейган (ортодо) жана АКШнын вице-президенти Жорж Буш Гавернос-Айленд аралында сейилдеп жаткан маалы.
Арменияда катуу жер титирөө болгонун СССРдин башчысы Михаил Горбачев так ушул жерден жергиликтүү журналисттерден угат. Бул жер титирөө жөнүндө Советтер Союзунун сейсмологдору алдын ала айтпагандыгына абдан ачуусу келген.
Арменияда катуу жер титирөө болгонун СССРдин башчысы Михаил Горбачев так ушул жерден жергиликтүү журналисттерден угат. Бул жер титирөө жөнүндө Советтер Союзунун сейсмологдору алдын ала айтпагандыгына абдан ачуусу келген. - Sputnik Кыргызстан
2/16
Советтер Союзунун жетекчиси Михаил Горбачев (оң жакта) АКШда расмий иш сапарынын учурунда, АКШнын президенти Рональд Рейган (ортодо) жана АКШнын вице-президенти Жорж Буш Гавернос-Айленд аралында сейилдеп жаткан маалы.
Арменияда катуу жер титирөө болгонун СССРдин башчысы Михаил Горбачев так ушул жерден жергиликтүү журналисттерден угат. Бул жер титирөө жөнүндө Советтер Союзунун сейсмологдору алдын ала айтпагандыгына абдан ачуусу келген.
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүСССРдин жетекчиси Михаил Горбачев (сол жакта) зилзаладан жабыркаган Ленинакан шаарынын тургундары менен жолугуп жаткан учур. 1988-жыл, 12-декабрь.
Горбачев АКШдан Арменияга учуп келип, абалды көрүп каңырыгы түтөйт. Анын үстүнө табияттын зилзаласынан жабыркагандар Ереван шаарындагы Сеймология институтун курчап, нааразылыгын билдирип чоң митинг өткөрүшкөн. Жергиликтүү эл бул жер титирөөнүн алдында табият белги бергенин байкап, еревандык илимпоздорго айтышкан экен. Кээ бир үйлөрдүн фундаменти жер бетинен жогору көтөрүлүп кетсе, айрым кудуктарда суу соолуп калган, жаныбарлардын жүрүм-туруму өзгөргөн.
Горбачев АКШдан Арменияга учуп келип, абалды көрүп каңырыгы түтөйт. Анын үстүнө табияттын зилзаласынан жабыркагандар Ереван шаарындагы Сеймология институтун курчап, нааразылыгын билдирип чоң митинг өткөрүшкөн. Жергиликтүү эл бул жер титирөөнүн алдында табият белги бергенин байкап, еревандык илимпоздорго айтышкан экен. Кээ бир үйлөрдүн фундаменти жер бетинен жогору көтөрүлүп кетсе, айрым кудуктарда суу соолуп калган, жаныбарлардын жүрүм-туруму өзгөргөн. - Sputnik Кыргызстан
3/16
СССРдин жетекчиси Михаил Горбачев (сол жакта) зилзаладан жабыркаган Ленинакан шаарынын тургундары менен жолугуп жаткан учур. 1988-жыл, 12-декабрь.
Горбачев АКШдан Арменияга учуп келип, абалды көрүп каңырыгы түтөйт. Анын үстүнө табияттын зилзаласынан жабыркагандар Ереван шаарындагы Сеймология институтун курчап, нааразылыгын билдирип чоң митинг өткөрүшкөн. Жергиликтүү эл бул жер титирөөнүн алдында табият белги бергенин байкап, еревандык илимпоздорго айтышкан экен. Кээ бир үйлөрдүн фундаменти жер бетинен жогору көтөрүлүп кетсе, айрым кудуктарда суу соолуп калган, жаныбарлардын жүрүм-туруму өзгөргөн.
© Фото / из личного архива архива Кенешбека ЖумабаеваПржевальск педагогикалык институтунун мугалимдери Кеңешбек Жумабаев (оң жактан биринчи) Турдубек Көчөрбаев жана Мелис Боромбаев. Пржевальск шаары. 1979-жыл, 9-май.
Бирок армениялык окумуштуулар элдин ичиндеги кеп-сөзгө такыр маани бербей коюшкан. Ал эми жергиликтүү калк жер титирөө кайталанышынан коркуп үрөйү учуп калган эле. Дал ушул себептен улам Горбачев СССРдеги сейсмология боюнча илимпоздорду Арменияга топтоп, дагы ушундай алаамат болор-болбосун аныктоо талабын коёт. 15-декабрда айтылган көйгөй боюнча жардам берүү үчүн Томскинин политехникалык институтунун он окумуштуусу жөнөйт. Алардын арасында жердешибиз Кеңешбек Жумабаев да бар эле.
Учителя Пржевальского педагогического института Кенешбек Жумабаев, Турдубек Кочорбаев и Мелис Боромбае. 1979 год - Sputnik Кыргызстан
4/16
Пржевальск педагогикалык институтунун мугалимдери Кеңешбек Жумабаев (оң жактан биринчи) Турдубек Көчөрбаев жана Мелис Боромбаев. Пржевальск шаары. 1979-жыл, 9-май.
Бирок армениялык окумуштуулар элдин ичиндеги кеп-сөзгө такыр маани бербей коюшкан. Ал эми жергиликтүү калк жер титирөө кайталанышынан коркуп үрөйү учуп калган эле. Дал ушул себептен улам Горбачев СССРдеги сейсмология боюнча илимпоздорду Арменияга топтоп, дагы ушундай алаамат болор-болбосун аныктоо талабын коёт. 15-декабрда айтылган көйгөй боюнча жардам берүү үчүн Томскинин политехникалык институтунун он окумуштуусу жөнөйт. Алардын арасында жердешибиз Кеңешбек Жумабаев да бар эле.
© Фото / из личного архива Кенешбека ЖумабаеваКыргызстандык илимпоз Кеңешбек Жумабаев Ереван шаарында. 1989-жыл 8-февраль.
Томскилик илимий тайпа Спитак шаарында чатырларга жайгашып, аппараттарды орнотуруп ишке киришет. Алар күнүгө Армениянын жетекчилигине маалымат берип, мурункудай катуу эмес, майда-барат гана жер силкинүүлөр болот деп боолголошот. 1988-жылы 20-декабрдан баштап 1989-жылдын февраль айынын аягына чейин томскилик окумуштуулардын бардык божомолу туура чыгат.
Томскилик илимий тайпа Спитак шаарында чатырларга жайгашып, аппараттарды орнотуруп ишке киришет. Алар күнүгө Армениянын жетекчилигине маалымат берип, мурункудай катуу эмес, майда-барат гана жер силкинүүлөр болот деп боолголошот. 1988-жылы 20-декабрдан баштап 1989-жылдын февраль айынын аягына чейин томскилик окумуштуулардын бардык божомолу туура чыгат. - Sputnik Кыргызстан
5/16
Кыргызстандык илимпоз Кеңешбек Жумабаев Ереван шаарында. 1989-жыл 8-февраль.
Томскилик илимий тайпа Спитак шаарында чатырларга жайгашып, аппараттарды орнотуруп ишке киришет. Алар күнүгө Армениянын жетекчилигине маалымат берип, мурункудай катуу эмес, майда-барат гана жер силкинүүлөр болот деп боолголошот. 1988-жылы 20-декабрдан баштап 1989-жылдын февраль айынын аягына чейин томскилик окумуштуулардын бардык божомолу туура чыгат.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРКыргызстан жапа чеккен армян айылдарына транспорттук каражат, автоунаа, курулуш техникасы, механизмдер жана гуманитардык жардам жөнөтүп жаткан учур. Фрунзе шаары. 1988-жыл. Автору А.Толмачев.
СССР Арменияга жапа тырмак көмөк көрсөткөн. Кыргызстандагы орто мектептен баштап бүт ведомстволорго чейин жылуу кийим жана акчалай жардам чогултулган. Айрым мектептин окуучулары оюнчук да алып келишкен. Ал тургай боз үйлөр да жөнөтүлгөнү айтылат.
СССР Арменияга жапа тырмак көмөк көрсөткөн. Кыргызстандагы орто мектептен баштап бүт ведомстволорго чейин жылуу кийим жана акчалай жардам чогултулган. Айрым мектептин окуучулары оюнчук да алып келишкен. Ал тургай боз үйлөр да жөнөтүлгөнү айтылат. - Sputnik Кыргызстан
6/16
Кыргызстан жапа чеккен армян айылдарына транспорттук каражат, автоунаа, курулуш техникасы, механизмдер жана гуманитардык жардам жөнөтүп жаткан учур. Фрунзе шаары. 1988-жыл. Автору А.Толмачев.
СССР Арменияга жапа тырмак көмөк көрсөткөн. Кыргызстандагы орто мектептен баштап бүт ведомстволорго чейин жылуу кийим жана акчалай жардам чогултулган. Айрым мектептин окуучулары оюнчук да алып келишкен. Ал тургай боз үйлөр да жөнөтүлгөнү айтылат.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРКыргызстан жапа чеккен армян кыштактарына транспорттук каражат, автоунаа, курулуш техникасы, механизмдер жана гуманитардык жардам жөнөтүп жаткан учур. Фрунзе шаары. 1988-жыл. Автору А.Толмачев.
Кыргызстанда Арменияга жардам берүү үчүн атайын отряд түзүлгөн. Анын башчысы болуп Кыргыз ССРинин министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары Ян Фишер дайындалган. Штабы Ленинакан шаарында жайгашып, жабыркаган калкка жардам бере башташат.
Кыргызстанда Арменияга жардам берүү үчүн атайын отряд түзүлгөн. Анын башчысы болуп Кыргыз ССРинин министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары Ян Фишер дайындалган. Штабы Ленинакан шаарында жайгашып, жабыркаган калкка жардам бере башташат. - Sputnik Кыргызстан
7/16
Кыргызстан жапа чеккен армян кыштактарына транспорттук каражат, автоунаа, курулуш техникасы, механизмдер жана гуманитардык жардам жөнөтүп жаткан учур. Фрунзе шаары. 1988-жыл. Автору А.Толмачев.
Кыргызстанда Арменияга жардам берүү үчүн атайын отряд түзүлгөн. Анын башчысы болуп Кыргыз ССРинин министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары Ян Фишер дайындалган. Штабы Ленинакан шаарында жайгашып, жабыркаган калкка жардам бере башташат.
© Фото / из архива Жолочу Асанкулова"Манас" аэропортунда Жолочу Асанкулов (оң жакта) өзү иштеп чыккан көп функционалдуу чынжырлуу таш иштетүүчү (ЦКМ-1 №001) “Аскатеш” автоунаанасынын жанында. 1982-жыл. Фрунзе шаары.
Тоо-кен тармагын иштетүү боюнча дасыккан адис белгилүү академик Олег Алимовдун Кыргыз илимдер академиясынын курамындагы илимий-инженердик “Импульс” аттуу борборун жетектеген. Шакирти Жолочу Асанкулов көп функционалдуу чынжырлуу ташты иштетүүчү “Аскатеш” автоунааны иштеп чыгат. Бул илимий эмгек татаал шарттагы грунтта траншея менен таштак жерди казууга, темир жана бетон менен куюлган аянтчаларды эптегенге багытталган.
1982-жылы Асанкуловдун “Аскатеш” автоунаасы “Манас” аэропортунун эстакадасын реконструкциялоодо, 1988-жылы Кожент жана Сүлүктү шаарларында байланыш кабелдерин салууга колдонулган.
Тоо-кен тармагын иштетүү боюнча дасыккан адис белгилүү академик Олег Алимовдун Кыргыз илимдер академиясынын курамындагы илимий-инженердик “Импульс” аттуу борборун жетектеген. Шакирти Жолочу Асанкулов көп функционалдуу чынжырлуу ташты иштетүүчү “Аскатеш” автоунааны иштеп чыгат. Бул илимий эмгек татаал шарттагы грунтта траншея менен таштак жерди казууга, темир жана бетон менен куюлган аянтчаларды эптегенге багытталган. - Sputnik Кыргызстан
8/16
"Манас" аэропортунда Жолочу Асанкулов (оң жакта) өзү иштеп чыккан көп функционалдуу чынжырлуу таш иштетүүчү (ЦКМ-1 №001) “Аскатеш” автоунаанасынын жанында. 1982-жыл. Фрунзе шаары.
Тоо-кен тармагын иштетүү боюнча дасыккан адис белгилүү академик Олег Алимовдун Кыргыз илимдер академиясынын курамындагы илимий-инженердик “Импульс” аттуу борборун жетектеген. Шакирти Жолочу Асанкулов көп функционалдуу чынжырлуу ташты иштетүүчү “Аскатеш” автоунааны иштеп чыгат. Бул илимий эмгек татаал шарттагы грунтта траншея менен таштак жерди казууга, темир жана бетон менен куюлган аянтчаларды эптегенге багытталган.
1982-жылы Асанкуловдун “Аскатеш” автоунаасы “Манас” аэропортунун эстакадасын реконструкциялоодо, 1988-жылы Кожент жана Сүлүктү шаарларында байланыш кабелдерин салууга колдонулган.
© Фото / из архива Жолочу Асанкулова“Аскатеш” автоунаанысы Болгариянын Пловдив калаасындагы эл аралык көргөзмөдө.
Жабыркаган Арменияга көмөк көрсөтүү үчүн жиберилген "Импульстун" илимпоздорунун арасында Асанкулов да бар эле. Пловдивдеги көргөзмөдөн “Аскатеш” автоунаасын Ленинаканга Болгариянын өкмөтү транспорттук учак менен жеткизген.
Академик Олег Алимовдун демилгеси менен жабыркаган Арменияга көмөк көрсөтүү үчүн жиберилген Импульстун илимпоздорунун арасында Асанкулов да бар эле. Пловдивдеги көргөзмөдөн “Аскатеш” автоунаасын Ленинаканга Болгариянын өкмөтү транспорттук учак менен жеткизген. - Sputnik Кыргызстан
9/16
“Аскатеш” автоунаанысы Болгариянын Пловдив калаасындагы эл аралык көргөзмөдө.
Жабыркаган Арменияга көмөк көрсөтүү үчүн жиберилген "Импульстун" илимпоздорунун арасында Асанкулов да бар эле. Пловдивдеги көргөзмөдөн “Аскатеш” автоунаасын Ленинаканга Болгариянын өкмөтү транспорттук учак менен жеткизген.
Кыргызстан жапа чеккен армян айылдарына транспорттук каражат, автоунаа, курулуш техникасы, механизмдер жана гуманитардык жардам жөнөтүп жаткан учур. Фрунзе шаары. 1988-жыл. Автору А.Толмачев.
Академик Алимовдун сунушу менен Кыргызстандан Арменияга талкаланган имараттардын калдыктарын ташууга багытталган жана жерди терең казуучу мобилдик автоунаалар жөнөтүлгөн. Буга кошумча жабыркаган Ленинаканга анын илимий борборунда иштелип чыккан гидробалкалар да кеткен. Бул техниканын бардыгы Фрунзеден Арменияга үч транспорттук учак менен жеткирилген.
Академик Алимовдун сунушу менен Кыргызстандан Арменияга талкаланган имараттардын калдыктарын ташууга багытталган жана жерди терең казуучу мобилдик автоунаалар жөнөтүлгөн. Буга кошумча жабыркаган Ленинаканга анын илимий борборунда иштелип чыккан гидробалкалар да кеткен. Бул техниканын бардыгы Фрунзеден Арменияга үч транспорттук учак менен жеткирилген. - Sputnik Кыргызстан
10/16
Кыргызстан жапа чеккен армян айылдарына транспорттук каражат, автоунаа, курулуш техникасы, механизмдер жана гуманитардык жардам жөнөтүп жаткан учур. Фрунзе шаары. 1988-жыл. Автору А.Толмачев.
Академик Алимовдун сунушу менен Кыргызстандан Арменияга талкаланган имараттардын калдыктарын ташууга багытталган жана жерди терең казуучу мобилдик автоунаалар жөнөтүлгөн. Буга кошумча жабыркаган Ленинаканга анын илимий борборунда иштелип чыккан гидробалкалар да кеткен. Бул техниканын бардыгы Фрунзеден Арменияга үч транспорттук учак менен жеткирилген.
© Sputnik / Александр Гращенков / Медиабанкка өтүүЗилзаладан талкаланган Ленинакан калаасы. 1988-жыл. Автору Александр Гращенков.
Ленинаканда зилзаладан улам электр зымдары талкаланып, калаа жарыксыз калган. Ал аз келгенсип, таза суу да жетишсиз болуп, байланыш да үзгүлтүккө учураган. Кыргызстандык адистер Фрунзе менен операвтивдик маалымат алмашуу үчүн шаардын чок ортосунда аман калган байланыш түйүнүнө барууга аргасыз болушкан.
Ленинаканда зилзаладан улам электр зымдары талкаланып, калаа жарыксыз калган. Ал аз келгенсип, таза суу да жетишсиз болуп, байланыш да үзгүлтүккө учураган. Кыргызстандык адистер Фрунзе менен операвтивдик маалымат алмашуу үчүн шаардын чок ортосунда аман калган байланыш түйүнүнө барууга аргасыз болушкан. - Sputnik Кыргызстан
11/16
Зилзаладан талкаланган Ленинакан калаасы. 1988-жыл. Автору Александр Гращенков.
Ленинаканда зилзаладан улам электр зымдары талкаланып, калаа жарыксыз калган. Ал аз келгенсип, таза суу да жетишсиз болуп, байланыш да үзгүлтүккө учураган. Кыргызстандык адистер Фрунзе менен операвтивдик маалымат алмашуу үчүн шаардын чок ортосунда аман калган байланыш түйүнүнө барууга аргасыз болушкан.
© Фото / из архива Жолочу АсанкуловаЖолочу Асанкулов техникасы менен Ленинакандагы аскердик бөлүккө караштуу госпиталга электр жарыгын жана канализацияны киргизүү үчүн тоң жерди казып жаткан учуру. 1989-жыл, 7-январь. Армения.
“Аскатеш” автоунаасы Ленинакандагы турак жайдын астында калган адамдарды издөө менен куткаруу жумушуна катышкан. Жердештерибиз ушул калаанын талкаланган коммуникациясын калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүшкөн. Мындан сырткары, аталган техника менен татаал климаттык шартта шаардагы аскердик бөлүктүн госпиталына кыска убакыттын ичинде электр жарыгынын киришине жана канализациянын иштешине жардам беришкен
“Аскатеш” автоунаасы Ленинакандагы турак жайдын астында калган адамдарды издөө менен куткаруу жумушуна катышкан. Жердештерибиз ушул калаанын талкаланган коммуникациясын калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүшкөн. Мындан сырткары, аталган техника менен татаал климаттык шартта шаардагы аскердик бөлүктүн госпиталына кыска убакыттын ичинде электр жарыгынын киришине жана канализациянын иштешине жардам беришкен - Sputnik Кыргызстан
12/16
Жолочу Асанкулов техникасы менен Ленинакандагы аскердик бөлүккө караштуу госпиталга электр жарыгын жана канализацияны киргизүү үчүн тоң жерди казып жаткан учуру. 1989-жыл, 7-январь. Армения.
“Аскатеш” автоунаасы Ленинакандагы турак жайдын астында калган адамдарды издөө менен куткаруу жумушуна катышкан. Жердештерибиз ушул калаанын талкаланган коммуникациясын калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүшкөн. Мындан сырткары, аталган техника менен татаал климаттык шартта шаардагы аскердик бөлүктүн госпиталына кыска убакыттын ичинде электр жарыгынын киришине жана канализациянын иштешине жардам беришкен
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРКыргызстан жапа чеккен армян айылдарына транспорттук каражат, автоунаа, курулуш техникасы, механизмдер жана гуманитардык жардам жөнөтүп жаткан учур. Фрунзе шаары, 1988-жыл. Автору А.Толмачев.
Илимий-инженердик “Импульс” борборунун илимпоздору менен адистери кыргыз боз үйлөрдө жашаган. Ошол учурда Арменияда күн суук болгондуктан меште от күнү-түнү жагылып турчу. Тамак Фрунзеден ала барган казанда даярдалган.
Илимий-инженердик “Импульс” борборунун илимпоздору менен адистери кыргыз боз үйлөрдө жашаган. Ошол учурда Арменияда күн суук болгондуктан меште от күнү-түнү жагылып турчу. Тамак Фрунзеден ала барган казанда даярдалган. - Sputnik Кыргызстан
13/16
Кыргызстан жапа чеккен армян айылдарына транспорттук каражат, автоунаа, курулуш техникасы, механизмдер жана гуманитардык жардам жөнөтүп жаткан учур. Фрунзе шаары, 1988-жыл. Автору А.Толмачев.
Илимий-инженердик “Импульс” борборунун илимпоздору менен адистери кыргыз боз үйлөрдө жашаган. Ошол учурда Арменияда күн суук болгондуктан меште от күнү-түнү жагылып турчу. Тамак Фрунзеден ала барган казанда даярдалган.
© Sputnik / Р. Мангасарян / Медиабанкка өтүүИталиялык куруучулар Спитак шаарынын жанындагы зилзаладан талкаланган айылдын ордуна жаңы конуш салып жаткан учур. 1989-жыл 10-июнь. Автору Р.Мангасарян.
Тарыхта биринчи жолу СССРге жүздөн ашык чет өлкө көмөк көрсөткөн. Буга чейин ушундай зилзаланын айынан талкаланган Ашхабад жана Ташкент шаарларын Союз өз күчү менен калыбына келтирген. Буга кошумча Ата Журтуна дүйнө жүзүндөгү армян диаспорасы да зор жардам берген.
Тарыхта биринчи жолу СССРге жүздөн ашык чет өлкө көмөк көрсөткөн. Буга чейин ушундай зилзаланын айынан талкаланган Ашхабад жана Ташкент шаарларын Союз өз күчү менен калыбына келтирген. Буга кошумча Ата Журтуна дүйнө жүзүндөгү армян диаспорасы да зор жардам берген. - Sputnik Кыргызстан
14/16
Италиялык куруучулар Спитак шаарынын жанындагы зилзаладан талкаланган айылдын ордуна жаңы конуш салып жаткан учур. 1989-жыл 10-июнь. Автору Р.Мангасарян.
Тарыхта биринчи жолу СССРге жүздөн ашык чет өлкө көмөк көрсөткөн. Буга чейин ушундай зилзаланын айынан талкаланган Ашхабад жана Ташкент шаарларын Союз өз күчү менен калыбына келтирген. Буга кошумча Ата Журтуна дүйнө жүзүндөгү армян диаспорасы да зор жардам берген.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРКыргызстандан жапа чеккен армян кыштактарына транспорттук каражат, автоунаа, курулуш техникасы, механизмдер жана гуманитардык жардам жөнөтүп жаткан жумушчулар менен армениялыктардын маектешүү учуру. Фрунзе шаары. 1988-жыл. Автору А.Толмачев.
Кыргызстандан Арменияга жиберген бүт техника кайтарымсыз түрдө берилген.
Кыргызстандан Арменияга жиберген бүт техника кайтарымсыз түрдө берилген. - Sputnik Кыргызстан
15/16
Кыргызстандан жапа чеккен армян кыштактарына транспорттук каражат, автоунаа, курулуш техникасы, механизмдер жана гуманитардык жардам жөнөтүп жаткан жумушчулар менен армениялыктардын маектешүү учуру. Фрунзе шаары. 1988-жыл. Автору А.Толмачев.
Кыргызстандан Арменияга жиберген бүт техника кайтарымсыз түрдө берилген.
© Фото / из архива Жолочу АсанкуловаЖабыркаган Ленинаканга Жолочу Асанкуловдун “Аскатеш” иштеп чыккан техникасы дагы бир жолу чоң сыноодон ийгиликтүү өткөн. 1989-жыл, 7-январь. Армения.
Илимий-инженердик “Импульс” борборунун илимпоздору менен адистери жергиликтүү адистерге жогоруда айтылган техниканы колдонуу эрежелерин үйрөтүп жана аларга толугу менен өткөрүп беришкен. Андан соң жердештерибиз 1989-жылы февраль айынын ортосунда Фрунзеге кайтып келишкен.
Илимий-инженердик “Импульс” борборунун илимпоздору менен адистери жергиликтүү адистерге жогоруда айтылган техниканы колдонуу эрежелерин үйрөтүп жана аларга толугу менен өткөрүп беришкен. Андан соң жердештерибиз 1989-жылы февраль айынын ортосунда Фрунзеге кайтып келишкен. - Sputnik Кыргызстан
16/16
Жабыркаган Ленинаканга Жолочу Асанкуловдун “Аскатеш” иштеп чыккан техникасы дагы бир жолу чоң сыноодон ийгиликтүү өткөн. 1989-жыл, 7-январь. Армения.
Илимий-инженердик “Импульс” борборунун илимпоздору менен адистери жергиликтүү адистерге жогоруда айтылган техниканы колдонуу эрежелерин үйрөтүп жана аларга толугу менен өткөрүп беришкен. Андан соң жердештерибиз 1989-жылы февраль айынын ортосунда Фрунзеге кайтып келишкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0