https://sputnik.kg/20210202/zhehehnbekov-aryz-ukmk-iim-zhonotuldu-1051309326.html
Сооронбай Жээнбековго каршы жазылган арыз УКМК менен ИИМге жөнөтүлдү
Сооронбай Жээнбековго каршы жазылган арыз УКМК менен ИИМге жөнөтүлдү
Sputnik Кыргызстан
Жабырлануучулар 5-октябрда митингчилерге карата курал колдонуу боюнча буйрукту Жээнбеков жеке өзү берген деп эсептешүүдө. 02.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-02T11:19+0600
2021-02-02T11:19+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
саясат
сооронбай жээнбеков
арыз
митинг
буйрук
жабырлануучу
https://sputnik.kg/img/07e4/07/0a/1048972492_0:141:2400:1499_1920x0_80_0_0_239d7e7fe37e616cd38617b525ec21d6.jpg
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Былтыр 5-6 октябрдагы окуяларда жабыркагандардын мурдагы президент Сооронбай Жээнбековго каршы арызы 1-февралда УКМК менен ИИМдин Тергөө кызматына жиберилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.Арыз Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Ички иштер министрлиги буга чейин 2020-жылдын 6-октябрына караган түнү нааразычылык акциясына чыккандарды таркатуу учурунда атайын каражаттарды колдонуу боюнча кылмыш иштерди козгогону үчүн жиберилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен укук коргоо органдары кайрылгандарга жооп кайтарат.Январдын этегинде Башкы прокуратурага ошол окуяларда жабыркагандар кайрылып, экс-президентти жоопко тартууну талап кылышкан.Арыз жазгандардын айтымында, 5-октябрдагы "Ала-Тоо" аянтындагы митинг тынчтык мүнөздө өтүп жаткан, бирок күч түзүмдөрү бийликтин буйругу менен демонстранттарга атайын каражаттарды колдонуп баштаганы айтылууда. Көп киши жаракат алып, 19 жаштагы Үмүт Алтынбек уулу көз жумганын белгилешкен.Жабыркагандар курал колдонууга Жээнбеков буйрук бергенин, бул үчүн жазасын алып, экс-президент макамынан ажыратылышы керектигин айтып чыгышкан.Эске салсак, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митингге чыгып, Ак үйдүн имаратын басып алып, өлкөдө бийлик алмашкан. Сооронбай Жээнбеков октябрдын ортосунда отставкага кетип, жаңы президент Садыр Жапаров кызматына расмий түрдө 28-январда киришти.Башкы прокуратурага буга чейин Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдилат Капаров экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана анын бир тууганы депутат Асылбек Жээнбековго каршы арыз менен кайрылган. Ал Жээнбековдорду 2010-жылы бир нече кылмыштарды жасаган деп айыптап, алардын аракетине юридикалык баа берүүнү өтүнгөн. Анын катарында митингге чыккан элди кубалап таратуу буйругунан кийин октябрь окуясына жол бергендиги үчүн экс-президенттин жоопкерчилиги жөнүндө маселени кароо өтүнүчү да болгон.
https://sputnik.kg/20210129/advokat-sot-chakyruu-sooronbay-zheenbekov-1051276561.html
https://sputnik.kg/20210129/zheenbekov-sot-chakyruu-1051274478.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/07/0a/1048972492_0:50:2400:1558_1920x0_80_0_0_639af927678679ee22096da0e695c18f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, сооронбай жээнбеков, арыз, митинг, буйрук, жабырлануучу
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, сооронбай жээнбеков, арыз, митинг, буйрук, жабырлануучу
Сооронбай Жээнбековго каршы жазылган арыз УКМК менен ИИМге жөнөтүлдү
11:19 02.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Жабырлануучулар 5-октябрда митингчилерге карата курал колдонуу боюнча буйрукту Жээнбеков жеке өзү берген деп эсептешүүдө.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Былтыр 5-6 октябрдагы окуяларда жабыркагандардын мурдагы президент
Сооронбай Жээнбековго каршы арызы 1-февралда УКМК менен ИИМдин Тергөө кызматына жиберилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Арыз Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Ички иштер министрлиги буга чейин 2020-жылдын 6-октябрына караган түнү нааразычылык акциясына чыккандарды таркатуу учурунда атайын каражаттарды колдонуу боюнча кылмыш иштерди козгогону үчүн жиберилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен укук коргоо органдары кайрылгандарга жооп кайтарат.
Январдын этегинде Башкы прокуратурага ошол окуяларда жабыркагандар кайрылып, экс-президентти жоопко тартууну талап кылышкан.
Арыз жазгандардын айтымында, 5-октябрдагы "Ала-Тоо" аянтындагы митинг тынчтык мүнөздө өтүп жаткан, бирок күч түзүмдөрү бийликтин буйругу менен демонстранттарга атайын каражаттарды колдонуп баштаганы айтылууда. Көп киши жаракат алып, 19 жаштагы Үмүт Алтынбек уулу көз жумганын белгилешкен.
Жабыркагандар курал колдонууга Жээнбеков буйрук бергенин, бул үчүн жазасын алып, экс-президент макамынан ажыратылышы керектигин айтып чыгышкан.
Эске салсак, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митингге чыгып, Ак үйдүн имаратын басып алып, өлкөдө бийлик алмашкан. Сооронбай Жээнбеков октябрдын ортосунда отставкага кетип, жаңы президент Садыр Жапаров кызматына расмий түрдө 28-январда киришти.
Башкы прокуратурага буга чейин Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдилат Капаров экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана анын бир тууганы депутат Асылбек Жээнбековго каршы
арыз менен кайрылган. Ал Жээнбековдорду 2010-жылы бир нече кылмыштарды жасаган деп айыптап, алардын аракетине юридикалык баа берүүнү өтүнгөн. Анын катарында митингге чыккан элди кубалап таратуу буйругунан кийин октябрь окуясына жол бергендиги үчүн экс-президенттин жоопкерчилиги жөнүндө маселени кароо өтүнүчү да болгон.