00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Журналистская премия, прорыв в медицине и долгие праздники — неделя в Кыргызстане
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:06
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Scorpions клибиндеги калпакчан кыргыз киши: көрүп, өткөн өмүрүмдү эстедим

© Фото / из личного архива Кайыпбая ТоктогуловаСанкт-Петербург шаарында жашаган Кайыпбай Токтогулов
Санкт-Петербург шаарында жашаган Кайыпбай Токтогулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Жазылуу
Ушу тапта Scorpions рок-тобунун Believе in Love аттуу ырынын клибине түшүп калган калпакчан киши интернеттеги кыргыз сегментинде талкуу жаратууда. 33 жыл мурда тартылган клип учурда 33 миллион жолу көрүлгөн.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аталган клипке тартылып калган 55 жаштагы Кайыпбай Токтогуловду таап, чакан маек курган.
© © Scorpions/ YouTubeОтуз үч жыл мурда тартылган клип учурда 33 миллион жолу көрүлгөн
Кадр из клипа Believe In Love группы Scorpions - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Отуз үч жыл мурда тартылган клип учурда 33 миллион жолу көрүлгөн
— Scorpions тобунун Believе in Love аттуу ырынын клибине кандайча түшүп калдыңыз эле?
— 1988-жылдары Россиянын Ленинград шаарында окучумун. Ошол кезде Киров атындагы токой-техникасы академиясынын 4-курсунун студенти элем. Көбүнчө майрамдарда калпак кийип, көчөдө кыргыздын улуттук баш кийими менен кенен-кесир жүрчүбүз. Жердештер болсо жылуу учурашып, чет мамлекеттен келген туристтер кызыгып сүрөткө түшүшчү. Анан эле бир жолу Scorpions рок-тобунун клибин тартып жүргөн операторлор көчөдөн көрүп калышкан окшойт, мага атайын кайрылып бир эпизодго түшүп берүүмдү суранышты. Ошентип, таанышып, кыргыздын улуттук баш кийимине кызыгып тартып кетишкен. Негизи улуттук кийимдерибизге ошол убакта эле башкалар аябай кызыкчу.
— Өзүңүз клипти качан көрдүңүз?
— Мындан 3-4 жыл мурун интернеттен көргөм. Бирок ал убакта эл деле мынчалык маани берген эмес. Азыр клиптеги ак калпакчан адамга көңүл бурушуп, кыргыз экенимди белгилешип, ар кандай билдирүүлөрдү жазып жатышат. Учурда аталган клип 33 миллиондон ашык ирет көрүлүптүр. Өзгөчө Европада, Америкада жана башка мамлекеттерде жүргөн талаа-түздөгү мекендештер көп кызыгышууда. Кыргыздын рухун, духун көргөзгөн башымдагы калпакты кеп кылып жатышат. Алардын комментарийлерин да окуп жатам. Жакшысы да, жаманы да бар экен. Эми эл болгондон кийин өйдө-төмөн айтылат да.
© Фото / из личного архива Кайыпбая ТоктогуловаКайыпбай Токтогулов: Артка бир кылчайып карасам, андан бери 33 жыл өтүптүр. Албетте, жаш кезимди, өткөн өмүрдү элестеп көзүңдөн жаш тегеренет
Кыргызстанец живущий в Санкт-Петербурге Кайыпбай Токтогулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кайыпбай Токтогулов: Артка бир кылчайып карасам, андан бери 33 жыл өтүптүр. Албетте, жаш кезимди, өткөн өмүрдү элестеп көзүңдөн жаш тегеренет
— Көргөндө кандай сезимде болдуңуз?
— Артка бир кылчайып карасам, андан бери 33 жыл өтүптүр. Албетте, жаш кезимди, өткөн өмүрдү элестеп көзүңдөн жаш тегеренет. Бул да турмуш экен да. Аз да болсо бир келген өмүрүмдүн кичинекей ирмеми тасмада калыптыр деп ойлодум. Ал убакта клип тартуу да сейрек кездешчү. Белгилүү топтор же чама-чаркы чак келгендер эле тартпаса, баары эле көчөдө туруп алып тарта берчү эмес. Бирок кантсе да ушунча жыл өткөндөн кийин өзүңдү тасмадан көрүү жагымдуу болот экен. Мындайча айтканда, кенедей эпизоддо калганың менен миллиондогон адамдын көргөнү ич жылытат.
— Ошондон бери Россияда туруп калдыңызбы?
— Ооба, турмуш-шартка байланыштуу азыр Санкт-Петербургда турабыз. Үйлөнүп, үч баланын атасы болгом. Өзүм Сузак районунун Саты айылында 1966-жылы туулуп, ошол айылда өскөм. Окуу жайды бүткөндөн кийин Санкт-Петербургда иштеп калдык. Кийинчерээк соода-сатык менен да алектендик. Ал ортодо Кыргызстанга да барып, кесибибиз менен 5-6 жылдай иштеп келдик. Азыр Россияда өндүрүш тармагында эмгектенебиз. Бул жактагы кыргыз диаспорасынын аксакалдарынын мүчөсүмүн. Биз дагы "мекенибиз өнүгүп кетсе" деп алыста жүрсөк да колубуздан келгенин жасап жатабыз.
Үйдө баарыбыз кыргызча сүйлөшөбүз. Санкт-Петербургда жыл сайын боз үй тигип, Нооруз майрамын өткөрөбүз. Улуттук майрам күндөрү, белгилүү даталарда кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын көрсөтүп, мекендештердин башын бириктирип келүүдөбүз.
© Фото / из личного архива Кайыпбая ТоктогуловаКайыпбай Токтогулов азыр Россиянын Санкт-Петербург шаарында турат
Кыргызстанец живущий в Санкт-Петербурге Кайыпбай Токтогулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кайыпбай Токтогулов азыр Россиянын Санкт-Петербург шаарында турат
— Кантсе да туулган жерге болгон сагынычыңыз көкүрөктү ээлеп жүргөн экен да...
— Мекенге жылына эле барып турчубуз, бирок пандемияга байланыштуу азыр кармалып турабыз. Шашылыш учур болгондо балдар барып-келип жатышат. Албетте, Ала-Тоону сагынабыз, кээде отуруп балалык чагыңды, окуучулук кезди эстейсиң. Ата-энем болсо эбак эле каза болуп калышкан. Эми ал кишилерди куран менен гана эскерип калдык...
Жаңылыктар түрмөгү
0