Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Жазылуу
3-февралга караган түнү туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Шаршембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +8…+13, Таласта +7…+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +9…+14, Ысык-Көл өрөөнүндө +1…+6, Нарын жергесинде -2…-7 градус болору кабарланды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +10…+12, Ош шаарында +12…+14 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0