Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жумабеков: өндүрүштү роботтоштуруу өлкөнүн өнүгүшүнө жол ачат

© Sputnik / Асель СыдыковаРобототехника боюнча адис Санжар Жумабеков
Робототехника боюнча адис Санжар Жумабеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Жазылуу
Робототехника боюнча адис Санжар Жумабеков өлкөдө өндүрүштү роботтоштуруу маанилүү экендигин, анын таасири агро жана бизнес тармагында акырындык менен байкала баштаганын айтты.
Жумабеков: өндүрүштү роботтоштуруу өлкөнүн өнүгүшүнө жол ачат
Робототехника дүйнөдө тыным албай өнүгүп жатканына байланыштуу бул тармакка кызыккан өспүрүмдөрдү окутуу маанилүү. Мындай пикирин Санжар Жумабеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жакынкы убакытта автоматташтырылган роботтор адамдын кийлигишүүсү жок иштерди аткарып, жашообуздун бир бөлүгү болуп калат.
"Азыр жашообузга роботтор кенен эле кийлигише баштады. Мисалы, робот чаң соргучту айтсак болот. Көп иштер учурда роботтоштурулуп жатат. Бул процесс акырындык менен биз кинодон көргөндөй жыйынтыкка жетет. Соңку жылдары биз окууга көңүл буруп жатабыз. Себеби бул — балдардын заманы. Мындан ташкары, агро жана бизнес сферасында роботтордун орду байкала баштады. Өндүрүштү роботтоштуруу өнүгүүгө жол ачат", — деди Жумабеков.
Ошондой эле жаш инженер өлкөдө робототехника жаатында иш билги адистердин жетишпестиги негизги көйгөйлөрдүн бири экендигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, робототехника — автоматташтырылган техникалык системаларды иштеп чыгуу жана өндүрүштү өнүктүрүүнүн эң маанилүү техникалык негизи болуп саналат.
Жаңылыктар түрмөгү
0