https://sputnik.kg/20210131/erkin-kurosh-kyrgyzstandyn-chempionaty-1051294040.html
Былтыркыдан көп балбан катышты. Эркин күрөш боюнча КР чемпионаты аяктады
Былтыркыдан көп балбан катышты. Эркин күрөш боюнча КР чемпионаты аяктады
Sputnik Кыргызстан
Быйыл мелдешке жалпысынан 315 спортчу катышкан. Жеңил салмактын ар биринде кеминде 40тан балбан күч сынашкан. 31.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-31T16:53+0600
2021-01-31T16:53+0600
2021-12-15T22:49+0600
жаңылыктар
кыргызстан
спорт
эркин күрөш
жыйынтык
чемпионат
https://sputnik.kg/img/07e5/01/1f/1051293987_0:130:1280:853_1920x0_80_0_0_5a50687726e57e9a58bfca858be216ed.jpg
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Эркин күрөш боюнча 2021-жылдагы өлкө чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине мелдештин башкы катчысы Муктар Дуконалиев билдирди.Анын айтымында, бул жылы өлкө биринчилигине катышкандардын саны былтыркыдан көп болду.Ал, ошондой эле, быйылкы жылы топ жарган сенсация болбогонун, тажрыйбалуу балбандар мыктылыгын көрсөткөнүн кошумчалады.Турнир Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүп, эң оор салмактагы балбандардын кармашы менен жыйынтыкталган. Анын экинчи күнүндө 61, 70, 79, 92 жана 125 килограмм салмактагы спортчулар килемге чыгышып, жыйынтыгы төмөнкүчө болду:61 килограмм:70 килограмм:79 килограмм:92 килограмм:125 килограмм:Белгилей кетсек, чемпионаттын жыйынтыгы менен эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы куралат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/1f/1051293987_0:48:1280:853_1920x0_80_0_0_8a253dd44949780f8e5487d13ec5a928.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, спорт, эркин күрөш, жыйынтык, чемпионат
жаңылыктар, кыргызстан, спорт, эркин күрөш, жыйынтык, чемпионат
Былтыркыдан көп балбан катышты. Эркин күрөш боюнча КР чемпионаты аяктады
16:53 31.01.2021 (Жаңыртылды: 22:49 15.12.2021) Быйыл мелдешке жалпысынан 315 спортчу катышкан. Жеңил салмактын ар биринде кеминде 40тан балбан күч сынашкан.
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Эркин күрөш боюнча 2021-жылдагы өлкө чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине мелдештин башкы катчысы Муктар Дуконалиев билдирди.
Анын айтымында, бул жылы өлкө биринчилигине катышкандардын саны былтыркыдан көп болду.
"Быйыл 10 салмакта жалпысынан 315 спортчу ат салышты. Анын ичинен 57, 61, 65 жана 74 килограмм салмакта күч сынашкандар көп болду. Ар биринде кеминде 40тай балбан атаандашты", — деген Дуконалиев.
Ал, ошондой эле, быйылкы жылы топ жарган сенсация болбогонун, тажрыйбалуу балбандар мыктылыгын көрсөткөнүн кошумчалады.
Турнир Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүп, эң оор салмактагы балбандардын кармашы менен жыйынтыкталган. Анын экинчи күнүндө 61, 70, 79, 92 жана 125 килограмм салмактагы спортчулар килемге чыгышып, жыйынтыгы төмөнкүчө болду:
- 1-орун: Улукбек Жолдошбеков;
- 2-орун: Икромжон Хаджимурадов;
- 3-орун: Тынчтык Абасбеков;
- 3-орун: Тайырбек Жумашбек уулу.
- 1-орун: Исламбек Орозбеков;
- 2-орун: Мансур Сыргак уулу;
- 3-орун: Куштарбек Абдыманап уулу;
- 3-орун: Атай Мамалиев.
- 1-орун: Саяк Усупов;
- 2-орун: Нарбек Изабеков;
- 3-орун: Бекжан Камчыбеков;
- 3-орун: Атай Изабеков.
- 1-орун: Дөөлөтбек Жамгырбек уулу;
- 2-орун: Чыңгыз Керимкулов;
- 3-орун: Муххаммед Али Умурзаков;
- 3-орун: Магомед Будунов.
- 1-орун: Музаффар Жаппуев;
- 2-орун: Бахтияр Мирлан уулу;
- 3-орун: Айбек Касманбетов;
- 3-орун: Арзуубек Карыбеков.
Белгилей кетсек, чемпионаттын жыйынтыгы менен эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы куралат.