Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЧабан аттар менен жайлоодо. Архив
Чабан аттар менен жайлоодо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
31-январга караган түнү Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Жекшемби, 31-январда, күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +11...+16, Талас аймагында +10...+15, Ысык-Көл өрөөнүндө +1...+6, ал эми Нарын жергесинде -2...-7 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +13...+15, ал эми Ошто +14...+16 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0