Келинимдин уу тилинен заарканып бүттүм. Чүнчүгөн кайнененин каты

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына жалгыз баласынын аялынын уу тилинен тажап, кайда барарын билбей турган кайнене кат жазган.
Саламатсыңарбы, мен кандай арга кыларымды билбей силерге кайрылууга аргасыз болдум. Өзүмдүн жашым 65те. Жолдошум он жыл мурда эле каза болуп калган. Эки кызым турмушта. Алар да өз тиричилиги менен, улуусу айылда жашайт. Уул-келин жумуштарына карап, Кантта турушат. Абышкам каза болгондон бир-эки жыл өтүп, мен да баламдын үйүнө биротоло көчүп келип алгам. Балам да "жүрүңүз апа, жалгыз отурбай" деп алып келген. Үч неберем бар. Келинимдин келгенине 15 жыл болду. Мурда-кийин өзүмчө турганда келиндин анча-мынча кыялын байкабаптырмын. Жаңы келгенимде бир-эки жылдай жакшы турдук. Ал убакта мага тили тийчү эмес. Ооба, кыялы бар экенин байкагам. Бир нерсе оюндагыдай болбой калса идиш-аякты калдыратып, эшикти тарс-турс жаап калчу. Ал убакта балдар да кичине болуп, алар жумушка кеткенде балдарды карап жардамым көп тийчү окшойт. Азыр пайдам жок болуп бараткан го деп коём. Акыркы кезде келиним мени такыр эле жактырбай калды. Чай берсе да чыныны алдыма "тарс" эттирип коёт. Кээде туруп алып мага угузуп сүйлөнө берет. Бир нерсе сурасам, тыңгылыктуу жооп да бербейт. Кээде нааразы болсом, заар тилин агызып иет. Төркүнүндө той-аш болсо мени ээрчитпейт. Же "биякка кетип баратам" деп бир ооз айтып койбогону жанды кейитет. Кайда кеткенин неберелеримден сурап билем. Уулум деле жоош, бирок ал үйдө кезде мага көп унчукпайт.
Письмо к психологу - Sputnik Кыргызстан
Карьера үчүн турмушка чыкпай турсамбы... 25 жаштагы кыздын каты
Кадимкидей корунуп, үйдө батымым менен жүрө албай же кетип кала албай жаман болуп жүрөм. Бул келин мени чүнчүтүп салды. Жаш балача кагуу жеп, неберелерге да чоң энедей баркым жок болуп баратат. Кээде туруп уулума "ажыраш" деп көшөрөйүн деп ойлонгонум менен балдарын кыя албайм. Кыздарыма кетип калайын деп күйөө балдардан уялам. Кайын журту эмне дейт? Кандай арга кылышты билбей калдым.

Психолог Гүлнара Жасоолова:

— Негизи эле үй-бүлөдө кайнене менен келиндин ортодогу келишпестиги көйгөйлүү маселе. Бир үйдө чогуу жашаган эки аял өз ара тил табыша албагандыгынан улам бири-биринен запкы жеп, зомбулукка кабылып жатат. Башында кайненеси өзүнчө жашап жүрүп, кийин келини менен бирге тура баштаганда анын сырын биле баштаптыр. Мындай көйгөйдү чечүүнүн бир эле жолу бар, эмне үчүн келини жактырбай жатканын аны менен чогуу отуруп, ачык сүйлөшүп алышса жакшы болмок.
Женская исправительная колония №2  - Sputnik Кыргызстан
Абактан келе турган кайненем менен бирге жашоодон чочулап турам. Келиндин каты
Сиз өтө деле карыган куракта эмес экенсиз. Андыктан пайдам тийбей калганда түрткүнчүк кылып жатат дегениңиз жөн гана ой болушу ыктымал. Ал эми неберелериңиз тууралуу айта турган болсок, бала баары бир чоң энесин да жакшы көрөт. Келиниңиз экөөңүздөрдүн мындай мамилеңиздер аларга да терс таасирин тийгизет. Балдарга ачык айтпасаңыздар да экөөңөрдүн кыймыл-аракетиңерден, күбүрөнүп-шыбыранганыңардан эле баарын байкайт. Ошондуктан мүмкүн болсо балаңызды да отургузуп алып чечишип алган оң. Антпесеңиз уулуңуз да эки ортодо кыйналат. Себеби ал энесин да, аялын да жакшы көрөт. Эркек мындай учурду оор кабыл алат.
Дагы бир маселе, мурда үйүңүздө жүргөндө баарын өзүңүз билип, тейлеп көнүп калгандыктан келиниңиздин ээн-эркин басып, үйдү өз алдынча тейлөөсү катуу тийип жаткандыр. Андай да болушу толук мүмкүн. Ошол себептен эки жакты таразалап, колдон келсе психологго да жекече кайрылып көрүңүз. Ал эми кыздарыңыздын үйүнө мейман катары барып, жүрүп келип турсаңыз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0