Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
30-январга караган түнү республиканын тоолуу аймактарында кар жаашы болжолдонууда. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Ишембиде өлкөдө жаан-чачын болбойт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетери айтылды.
Абанын температурасы Чүй облусунда +8…+13, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас аймактарында +9…+14, Ысык-Көл чөлкөмүндө +2…+7, Нарын өрөөнүндө -3…-8 градусту түзөт.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +11…+13 грудус болору божомолдонууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0