Давос форуму: "Эмне кылуу зарыл?" деген суроолорго жооп жаңырды

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРФ президенти Владимир Путин Давос онлайн-форум учурунда
РФ президенти Владимир Путин Давос онлайн-форум учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Диагноз коюу оор, бирок дабасын тандоо да жеңил эмес. Айрыкча, бүтүндөй аалам жөнүндө кеп жүргөндө. Түшүнгөнгө дүйнө каатчылыкка гана кабылганы жок, ал глобалдык доордун алмашуусунун түйшүгүн тартууда.
Бул аптада өткөн виртуалдык Давос форуму жаркын келечекке карай жалпы планета үчүн жол тандоого умтулуу менен мыкты жана күчтүүлөрдү топтоону максат кылган. Анда сүйлөгөндөрдүн арасынан мындай жол бар экенин, эртең кечээгиден жаман болбосун, жакшыртуу дүйнөнүн колунан келерин айткандар кызыктуу. Дмитрий Косырев форумда айтылгандарды талдап, орчундууларын тизмектөөгө аракет кылган.
Соңку убакта "дүйнө эми мурдагыдай болбойт", "коркунуч каптайт" дегендерди тыңдап келдик. Эми оптимисттерге токтололу. РФ президенти Владимир Путин өз сөзүндө башкалардай эле диагноз да койду, ансыз болбойт эмеспи.
Кызыктуу да болду, себеби мурда анча жарыяланбай, кайсы бир документтерде гана камтылган цифра жана фактылар айтылды. Маселен: "Акыркы 30 жылда бир катар өнүккөн өлкөлөрдө реалдуу туюнтмада жарандардын жарымынан көбүнүн кирешеси токтоп, өспөй калган. Ал эми билим берүү, саламаттык сактоодогу кызматтардын акылары жогорулаган. Канча дебейсиздерби? Үч эсе".
Же мындай фактылар... "Киши башына киреше деңгээлин суткасына 5,5 доллар дей турган болсок, анда Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча Кытайда, мисалы, кирешеси төмөн адамдардын саны 1990-жылы 1,1 миллиарддан соңку жылдарга карата 300 миллионго азайган".
Андан ары Россия жөнүндө да сөз болду: ошол эле статистика жакырлардын саны жогорудагыдай эле көрсөткүч боюнча 1999-жылы 64 миллион кишиден азыркы күнгө карата беш миллионго кыскарган.
АКШнын экс-мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Клинтон Американын тынчтык үчүн планын жарыялоодо: Россия үчүн жакшы кабар
Путиндин пикиринде каатчылыктын жалпы диагнозу мындайча: 30-40 жыл иштеп келген мурдагы үлгүнү калыптандырууга мүмкүн эмес, пандемия каатчылыгы анын кыйрашын тездетти.
"Дүйнө миллион кишиге же ал түгүл "алтын миллиардга" да иштеген экономиканы куруу жолунда бара албасы айдан ачык. Бул тек гана кыйратуучу позиция. Мындай үлгү аныктамасы боюнча туруксуз".
Ал эми даба табуунун ыкмалары туурасында айта турган болсок, алдыдагы доордо ар бир калк жана бардык коомдордун жашоосу үчүн жөнөкөй жана түшүнүктүү төрт максатын сунуштайт. Алар кыскача мындай:
Биринчи. Адамдын жашоо үчүн ыңгайлуу чөйрөсү болууга тийиш. Бул турак жай, жеткиликтүү инфраструктура, атап айтканда: транспорттук, энергетикалык, коммуналдык... Анан албетте, экологиялык бакубатчылыгы.
Экинчиден. Адам туруктуу жогорулап турган киреше алып келчү иши, ага ылайык татыктуу жашоо деңгээли болоруна көзү жетиши керек.
Үчүнчүдөн, адам керек учурда сапаттуу, майнаптуу медициналык жардам ала аларына ынанып, саламаттык сактоо тутуму кандай болгон күндө да заманга бап деңгээлдеги кызматтарды алуу кепилдиги менен жашоого тийиш.
Төртүнчүдөн, үй-бүлөнүн кирешеси аз же көптүгүнө карабастан балдар татыктуу билим алуу жана өз дараметин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышы абзел. Ушинтип гана заманбап экономиканын натыйжалуу өнүгүүсүнө кепилдик берүүгө болот. Адамдар каражат эмес, максат болчу экономика. Бул социализмге окшоп кетет, бирок эгер бул жөнөкөй максат, жөнөкөй маңыздарга шайкеш келсе, кандай гана система болбосун, жашап кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар.
Бул төрт пунктуга бешинчиси да тиркелет: мушташпагыла, антпесе, дүйнө тизгинделбес, "баары баарына каршы" согушуна кептелет.
Биржа соодасын карап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Deutsche Bank ааламдашуудан кийин "башаламандык доору" келерин болжоду
Кармашууга деле эбак кеч болуп калды, анткени Путин белгилегендей, "борборлоштурулган, бир полярдык дүйнө түзүмүн куруу аракеттерине байланышкан доордун убагы өттү. Мындай монополия табияты боюнча биздин цивилизациянын маданий, тарыхый ар түрдүүлүгүнө каршы келген".
Андан ары жаңы заманды – "түп үлгүлөрү, саясий системасы, коомдук институттары бар өнүктүрүү борборлору" тынч атаандаша ала турган доорду куруу зарыл.
РФ лидери Путин да, андан мурун Кытай президенти Си Цзиньпин кимге кайрылды?
Давосту жалпы адамзаттын мындан аркы багытын белгилөө үчүн өз аянтчасы катары санаган "алтын миллиардга" жана үлкөн корпорацияларгабы? Же дүйнөнүн эки жүзгө чукул өлкөсүнөбү? Алардын басымдуу бөлүгү жетишкендиктеринин баарын жууп кете турган күтүүсүз келген толкунга алсыздык менен байкоо салууда.
Корпорациялар жана "алтын миллиард" туурасында мында "давостук" баян да бар. Клаус Шваб авторлошу менен "COVID-19: Улуу кайра түзүү" чуулгандуу китебин чыгарган. Анда Шваб пандемия басмырлоо, моралдык жактан жок кылуу, бүт планетанын, бардык коом жана мамлекеттердин жүрөгүнүн үшүн алуунун эң мыкты шылтоосу экенин ачык айтат. "Алар карантин, жабылган калааларда бет капчан, биз сунуштаган "дүйнө эми мурдагыдай болбойт" деген ойго батып отурган маалда биз, "алтын миллиарддын" интеллектуалдык лидерлери, бул дүйнөнү өзүбүз туура көргөндөй кайра түзүүгө тийишпиз.
Дүйнө мурдагыдай болбошу мүмкүн, болбоого да тийиш, бирок мыкты болушу шарт. Ал үчүн андай дүйнөгө барчу багытты көрсөткөн өлкөлөр жана адамдар бар тура.
Жаңылыктар түрмөгү
0