00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Серепчи Россия менен АКШнын маанилүү келишим боюнча чечимин чечмеледи

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүү"Ярс" ракеталык комплекси. Архив
Ярс ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия президенти Владимир Путин 2020-жылдын 16-октябрында ДСНВ келишимин эч кандай ашык сөзү жок бир жылга узартууну сунуштаган.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. РФ менен АКШ Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишимди Москванын шартында бекемдөө боюнча макулдашкандыгын ТИМ жарыялады. Sputnik радиосунун обосунда саясат таануучу Андрей Кошкин бул маселенин тез арада чечилиши кандай пайда алып келерин айтып берди.
Россия менен Америка Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишимди (ДСНВ, СНВ-3) Москванын шарты боюнча узартууну чечти деген маалыматты журналисттерге Сергей Рябков айтып берди.
"Биздин шартта каралды: кандай шарт айтылган күндө да беш жыл алдын ала эч кандай талаптар коюлбайт", — деди ал.
Шейшемби күнү Россиянын президенти Владимир Путин менен Жозеф Байден телефон аркылуу сүйлөштү. Анда Стратегиялык чабуул жасалуучу курал боюнча келишимди узартууда дипломатиялык нота алмашуу болгонуна канааттангандык белгиленди.
Ак үйдүн кабарлаганына караганда, Байден менен Путин тиешелүү кызматкерлерге аны 5-февралга чейин узартууга тапшырма берген.
Избранный президент США Джо Байден - Sputnik Кыргызстан
Серепчи: АКШ менен РФ ортосундагы өз ара кызматташуу багыты өзгөрүүдө
Мамдуманын маалыматында Россия лидери ратификацияга документ алып чыккан. Макулдашууда СНВ-3 келишимдин мөөнөтүн пролонгациялоо менен 2026-жылдын 5-февралына чейин узартуу каралган.
Мамдума пленардык жыйынында аталган мыйзам долбоорун карай тургандыгын Эл аралык иштер боюнча комитеттин башчысы Леонид Слуцкий билдирди.
Sputnik радиосунун обосунда аскердик тармак боюнча эксперт, Россиянын Плеханов атындагы Экономика университетинин саясат таануу жана социология кафедрасынын жетекчиси Андрей Кошкин эки өлкөнүн лидерлеринин мындай тез арада кабыл алынган чечими пайда алып келе тургандыгын айтып берген.
"Алдыңкы күнү АКШ менен Россия президенттери Жозеф Байден менен Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Анын жыйынтыгында Россия СНВ-3 боюнча сунуштаган чечимдерге АКШ макулдук берген чечим чыкты. Тагыраагы, келишимди эч кандай шарт койбой узартышты. Мындай узартуу эки жагынан тең караганда ишке ашты десе болот, себеби аны ратификациялоо иштери башталды. Мындайча айтканда, маселе чечилди. Менин пикиримде дал ушундай пайдалуу чечим дүйнөгө туруктуулук алып келет. Мындан ары туруктуулуктун механизмдерин бузбаш үчүн, АКШнын 45-президенти Дональд Трамптын учурундагыдай кырдаал жаралбашы үчүн жарыша куралданууну ооздуктоо максатында жаңыларын жаратуу керек", — деди Кошкин.
СНВ-3 — Россия менен АКШнын ортосундагы куралданууну чектеп турган жалгыз келишим. Анын мөөнөтү 2021-жылдын 5-февралында соңуна чыгат, эгер узартылбаса, ири өзөктүк державаларды тизгиндеп турган нерсе калбай калат.
СНВ-3 негизинде ар бир тарап өзөктүк куралдарын жети жылдан кийин алардын саны континент аралык баллистикалык ракеталардын, суу астында жүрүүчү кайыктардын баллистикалык ракеталарынын жана бомбалоочу оор техникалардын санын 700дөн жана башка техниканын санын да айтылган чектен ашырбашы керектиги каралган.
АКШнын аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Мындай кадам башынан анык эле": эмне үчүн Түндүккө басым жасалууда?
Россия президенти Владимир Путин 2020-жылдын 16-октябрында ДСНВ келишимин эч кандай ашык сөзү жок бир жылга узартууну сунуштаган. Россия ТИМинен Москва макулдашууну созууну эле эмес, АКШ менен биргеликте колдо болгон өзөктүк аскердик куралдарга бир жылга чейин тийбөө, аларды колдонбоо боюнча милдеттенмени аткарууну демилгелеген.
Москвадан бул бир гана шартта, эгерде эки тараптуу "тоңдуруу" өз ара тартипте жасалып, АКШ эч кандай талаптарын койбогондо ишке ашарын айтышкан.
Вашингтон Кытайды аталган келишимге кошууну айтып келсе, кийинчерээк бул кадамдан баш тартканы белгилүү болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0