https://sputnik.kg/20210126/rf-ehlchisi-rossiyalyk-ishkerdin-chuuluu-biznesi-tuuraluu-1051228593.html
Элчи Удовиченко россиялык ишкердин чуулуу бизнеси боюнча окуяга көңүл бурду
Элчи Удовиченко россиялык ишкердин чуулуу бизнеси боюнча окуяга көңүл бурду
Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура Кыргызстандын калкына мөөнөтү өткөн азык-түлүктөрдү чет өлкөдөн алып келүү жана сатууда коррупциялык схема аныкталганын билдирген. 26.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-26T13:43+0600
2021-01-26T13:43+0600
2021-12-16T22:28+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
дүйнөдө
россия
николай удовиченко
ишкер
азык-түлүк
кылмыш иши
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1d/1050942174_245:111:1600:877_1920x0_80_0_0_53440ed8b3c186130a280ede3a65d6ad.jpg
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчилиги РФ жаранынын соода тармагындагы резонанстуу кылмыш ишине көңүл бурду. Бул тууралуу элчи Николай Удовиченко Instagram аккаунту аркылуу билдирген.Буга чейин Башкы прокуратура Кыргызстандын калкына мөөнөтү өткөн азык-түлүктөрдү чет өлкөдөн алып келүү жана сатууда коррупциялык схема аныкталганын билдирген.Анда Бишкектин эки коммерциялык компаниясынын жетекчилери жана кызматкерлери мамлекеттик органдын кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алганы аныкталган. Натыйжада укук коргоо жана фискалдык кызматтардын калкалоосу менен Кыргызстанга мөөнөтү өткөн азык-түлүктөрдү алып келишкени айтылган. Ал эми Бишкектеги полиграфиялык борборлордун биринен жарактуу мөөнөтүнүн этикеткасын жасалмалап, соода түйүндөрүнө сатышканы белгиленген.Бул иш боюнча Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") менен компаниялардын эки жооптуу кызматкери кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.Кылмыштын башка фигуранттары жана аларды калкалаган мамлекеттик, фискалдык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери такталып жатканы айтылган.Россиялык ишкер, дүкөн тармактарынын жетекчиси жаңы шайланган президент Садыр Жапаровго, Россиянын элчиси Николай Удовиченкого, башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге ачык кат менен кайрылып, айыптоолорду четке каккан.
https://sputnik.kg/20210125/ukmk-transport-ministrliginin-okulu-karmaldy-1051218431.html
https://sputnik.kg/20210115/moonotu-otkon-tattuu-kampa-1051115322.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1d/1050942174_0:0:1600:1006_1920x0_80_0_0_933717dfa0e8aefc2f9428da9f0ebae7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, дүйнөдө, россия, николай удовиченко, ишкер, азык-түлүк, кылмыш иши
жаңылыктар, коом, кыргызстан, дүйнөдө, россия, николай удовиченко, ишкер, азык-түлүк, кылмыш иши
Элчи Удовиченко россиялык ишкердин чуулуу бизнеси боюнча окуяга көңүл бурду
13:43 26.01.2021 (Жаңыртылды: 22:28 16.12.2021) Башкы прокуратура Кыргызстандын калкына мөөнөтү өткөн азык-түлүктөрдү чет өлкөдөн алып келүү жана сатууда коррупциялык схема аныкталганын билдирген.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчилиги РФ жаранынын соода тармагындагы резонанстуу кылмыш ишине көңүл бурду. Бул тууралуу элчи Николай Удовиченко
Instagram аккаунту аркылуу билдирген.
"Окуянын чоо-жайын аныктап жатабыз. Мыйзам чегинде россиялык бизнес өкүлдөрүнүн укугун коргогонго аракет кылабыз", — деген дипломат.
Буга чейин Башкы прокуратура Кыргызстандын калкына мөөнөтү өткөн азык-түлүктөрдү чет өлкөдөн алып келүү жана сатууда коррупциялык схема
аныкталганын билдирген.
Анда Бишкектин эки коммерциялык компаниясынын жетекчилери жана кызматкерлери мамлекеттик органдын кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алганы аныкталган. Натыйжада укук коргоо жана фискалдык кызматтардын калкалоосу менен Кыргызстанга мөөнөтү өткөн азык-түлүктөрдү алып келишкени айтылган. Ал эми Бишкектеги полиграфиялык борборлордун биринен жарактуу мөөнөтүнүн этикеткасын жасалмалап, соода түйүндөрүнө сатышканы белгиленген.
Бул иш боюнча Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") менен компаниялардын эки жооптуу кызматкери кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Кылмыштын башка фигуранттары жана аларды калкалаган мамлекеттик, фискалдык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери такталып жатканы айтылган.
Россиялык ишкер, дүкөн тармактарынын жетекчиси жаңы шайланган президент Садыр Жапаровго, Россиянын элчиси Николай Удовиченкого, башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге ачык кат менен кайрылып, айыптоолорду четке каккан.