Чиновниктер калкалаган. Прокуратура мөөнөтү өткөн азыктарды саткандарды кармады

© Sputnik / Табылды КадырбековАрест подозреваемого в преступлении в КР
Арест подозреваемого в преступлении в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кылмыш ишти калкалаган мамлекеттик, фискалдык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери такталууда.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Кыргызстандын калкына мөөнөтү өткөн азык-түлүктөрдү чет өлкөдөн алып келүү жана сатууда коррупциялык схема аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Ситуация во Франции на фоне пандемии COVID-19  - Sputnik Кыргызстан
Финпол ПЦР-тесттин жасалма жыйынтыгын саткан кылмыштуу топту кармады. Сүрөт
Ишканалардын кеңсесине жана кампаларына тинтүү жүргүзүлгөндө ири көлөмдөгү мөөнөтү бүткөн азыктар, жасалма этикеткалар жана аны чыгарган жабдуулар табылган.
Бул иш боюнча Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") менен компаниялардын эки жооптуу кызматкери кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Кылмыштын башка фигуранттары жана аларды калкалаган мамлекеттик, фискалдык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери такталууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0