"Спутник V" вакцинасы 2-8 градус жылуулукта сактала тургандай жасалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүМедицина кызматкери "Спутник-V" вакцинаны кармап турат. Архив
Медицина кызматкери Спутник-V вакцинаны кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өндүрүүчүлөр вакцинаны 2-8 градус жылуулукта сактала тургандай кылып жасашты. Ошондой эле -18 градуста кармаса дагы болот.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги "Спутник V" вакцинасын ташуу жана сактоо шарттарын өзгөртүү боюнча чечимди жактырды. Эми препаратты 2-8 градус жылуулукта кармаса болорун министр Михаил Мурашкого таянып РИА Новости жазды.
"Саламаттык сакттоо мнистрлиги "Спутник V" вакцинасынын каттоо күбөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизди. Өндүрүүчүлөр аны 2-8 градус жылуулукта сактала тургандай кылып жасашты. Экспертиза учурунда бул тастыкталды. Иммундук-биологиялык препараттар үчүн бул стандарттык температура", — деди Мурашко.
Ошондой эле ал вакцинаны -18 градуста сактаса болорун дагы айтты.
Мындан тышкары, министр бул нерсе вакцинанын сактоо шарттарын жеңилдетип, массалык түрдө тарашына шарт түзөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0