https://sputnik.kg/20210115/kr-menchik-laboratoriya-ptsr-test-zhurguzuu-1051123002.html
Кыргызстанда дагы бир менчик лабораторияга ПЦР-тест жүргүзүүгө уруксат берилди
Кыргызстанда дагы бир менчик лабораторияга ПЦР-тест жүргүзүүгө уруксат берилди
Sputnik Кыргызстан
Эми чет жактарга чыккандарга беш лаборатория ПЦР-тест жүргүзөт. Алардын экөө мамлекеттик болсо, үчөө менчик. 15.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-15T18:03+0600
2021-01-15T18:03+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
пцр-тест
коронавирус
анализ
лаборатория
коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
https://sputnik.kg/img/07e5/01/0f/1051122961_0:342:3018:2048_1920x0_80_0_0_b6fe42b5c6f58b2d1bdeff4e17a045c2.jpg
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Кыргызстанда дагы бир жеке менчик лаборатория чет өлкөгө чыккан жарандар үчүн ПЦР-тест жүргүзөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, "Интермедикал" деген лабораторияга Республикалык режимдик комиссия уруксатын берген.Мындан ары чет өлкөгө чыккандарга эки мамлекеттик жана үч менчик лаборатория ПЦР-тест жүргүзө алат. Алар:1. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин улуттук лабораториясы;2. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Ош шаарындагы улуттук лабораториясы;3. "Бонецкий" менчик лабораториясы;4. AQUA менчик лабораториясы;5. "Интермедикал" менчик лабораториясы.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/0f/1051122961_0:150:3018:2048_1920x0_80_0_0_6d6a4a85e7a9041acdb53d5a1514783c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, пцр-тест, коронавирус, анализ, лаборатория, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
жаңылыктар, коом, кыргызстан, пцр-тест, коронавирус, анализ, лаборатория, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
Кыргызстанда дагы бир менчик лабораторияга ПЦР-тест жүргүзүүгө уруксат берилди
18:03 15.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Эми чет жактарга чыккандарга беш лаборатория ПЦР-тест жүргүзөт. Алардын экөө мамлекеттик болсо, үчөө менчик.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Кыргызстанда дагы бир жеке менчик лаборатория чет өлкөгө чыккан жарандар үчүн ПЦР-тест жүргүзөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Интермедикал" деген лабораторияга Республикалык режимдик комиссия уруксатын берген.
Мындан ары чет өлкөгө чыккандарга эки мамлекеттик жана үч менчик лаборатория ПЦР-тест жүргүзө алат. Алар:
1. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин улуттук лабораториясы;
2. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Ош шаарындагы улуттук лабораториясы;
3. "Бонецкий" менчик лабораториясы;
4. AQUA менчик лабораториясы;
5. "Интермедикал" менчик лабораториясы.