Казак полициясы жол кырсыгына кабылган кыргызстандыкты сактап калышты. Видео

© AFP 2023 / JENS BUTTNERДТП с грузовиком в Мекленбурге-Передней Померании
ДТП с грузовиком в Мекленбурге-Передней Померании - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы 12-январь күнү саат 22:30дар чамасында Чымкент — Самара жолунда болгон. Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, машина аласалып кеткен.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Казакстанда жол кырсыгына кабылган кыргызстандык айдоочуга полиция кызматкерлери жардам беришти. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Түркстан облусунун полиция департаментинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 12-январь күнү саат 22:30дар чамасында Чымкент — Самара жолунда болгон. Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, машина аласалып кеткен.
Жерине барган Байдибек райондук полициясы айдоочуну алып чыгып, оодарылып калган автоунааны тургузуп беришкен.
"Түндө кырсыктап калган учурда жергиликтүү полиция келип жардам берди. Алгачкы медициналык кызмат көрсөтүп, тамак беришти. Ыраазымын", — деди айдоочу.
Полиция окуя боюнча административдик протокол түзүп, чогулган материалдарды чечим кабыл алуу үчүн сотко жөнөттү.
Айдоочу Кыргызстандан Россияга жер-жемиш алып бара жаткан. Бактыга жараша, кырсык болгон жерде каза болуп же катуу жаракат алгандар болгон эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0