Акча үчүн улгайган аял менен кишини өлтүргөн. Милиция шектүүнү кармады

© AP Photo / Hatem MoussaКиши бычакты курчутуп жатат. Архив
Киши бычакты курчутуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык милициядан билдиришкендей, шектүү мурда дагы аял кишини өлтүргөнүн моюндап, анын сөөгүн тоого алып барып өрттөп салганын билдирген.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бишкекти эки адамды өлтүрүүгө шектелген киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаБишкекти эки адамды өлтүрүүгө шектелген киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти
Бишкекти эки адамды өлтүрүүгө шектелген киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бишкекти эки адамды өлтүрүүгө шектелген киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти
© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаШектүү бычакты кайда катканын көрсөтүп
Шектүү бычакты кайда катканын көрсөтүп - Sputnik Кыргызстан
2/3
Шектүү бычакты кайда катканын көрсөтүп
© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаҮйдүн ачкычын ыргытып жибергенин билдирген
Үйдүн ачкычын ыргытып жибергенин билдирген - Sputnik Кыргызстан
3/3
Үйдүн ачкычын ыргытып жибергенин билдирген
1/3
Бишкекти эки адамды өлтүрүүгө шектелген киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти
2/3
Шектүү бычакты кайда катканын көрсөтүп
3/3
Үйдүн ачкычын ыргытып жибергенин билдирген
2-январь күнү кечинде Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирден кыйнап өлтүрүлгөн 73 жаштагы кишинин сөөгү табылган. Анын төш жагына бир нече ирет бычак сайылган.
Адам өлтүрүү фактысы боюнча тажрыйбалуу тергөөчүлөр иштеп, шектүү катары 40 жаштагы мурда соттолгон кишини кармашкан.
Случаи нападения в КР - Sputnik Кыргызстан
Арактын айынан... Токмок шаарында үч адам киши колдуу болду
Ал өз көрсөтмөсүндө өткөн жылдын 29-декабрында батирге кирип, үй ээсинин акчасын алып кетүүнү көздөгөнүн билдирген. Айтымында, карыган кишини бычактап, бирок акча таппай койгондуктан банктык картасын алып кеткен.
Шектүү бычакты кайда катканын көрсөтүп, үйдүн ачкычын ыргытып жибергенин билдирген.
Бишкек ШИИБ тергөө маалында шектүү дагы бир адамды өлтүргөнүн мойнуна алган. Сокулук районунун 67 жаштагы тургуну курмандыгы болгон. Улгайган аял 25-октябрдан бери дайынсыз жоголгондордун тизмесинде эле.
Милиция шектүү күнөөсүн мойнуна алып, аялды кантип өлтүргөнүн айтып берген видеосун жайылтты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Пресс-служба ГУВД г.Бишкек (@guvd_bishkek)

"Колго түшкөн киши 2020-жылдын октябрь айынын аягында аялдын акчасын алуу үчүн башка чапкан. Натыйжада ал мүрт кеткен. Киши аялдын сөөгүн Белогорка айылындагы тоого алып барып өрттөп салган", — дешти милициядан.
Шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Милиция ал мындан башка дагы кылмыштарга тийиштиги бар болушу мүмкүн экенин болжоп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0