https://sputnik.kg/20210108/bishkek-bala-bakcha-mektep-kachan-achylat-1051024656.html
Бишкектеги мектептер менен бала бакчалар качан ачылары айтылды
Бишкектеги мектептер менен бала бакчалар качан ачылары айтылды
Sputnik Кыргызстан
18-январдан баштап 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары офлайн режиминде билим алышат. Балдар шахматтык түрдө отургузулуп эки сменге бөлүнүшөт. 08.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-08T11:07+0600
2021-01-08T11:07+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
бишкек мэриясы
мектеп
бала бакча
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/01/1050623583_0:105:3275:1947_1920x0_80_0_0_d68d905992e767f6a6e0ab64eee12094.jpg
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Бишкекте 18-январдан тарта айрым мектептер кадимки режимде иштей баштайт. Ал эми 20-январда бала бакчалар ачылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор калаада эпидкырдаал турукташып калды. Буга байланыштуу билим берүү мекемелеринин ишин жандантуу чечими кабыл алынды. Бишкектин башкы санитардык дарыгери окуу процессин этап-этабы менен жандантууну колдогон.Бала бакчалар 20-январдан тарта иштей баштайт."18-январдан баштап 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары офлайн режиминде билим алышат. Балдар шахматтык түрдө отургузулуп эки сменге бөлүнүшөт. Мындай форматта 1-февралга чейин окушат. Ал эми эпидемиологдор кырдаалга көз салышат", - дешти мэриядан.Эгер көрсөткүчтөр туруктуу болсо, мектепке бардык окуучулар бара баштайт. Ал эми ар кандай себептерден улам офлайн-сабакка катыша албаган балдарды онлайн-окутуу маселеси каралат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/01/1050623583_232:0:2963:2048_1920x0_80_0_0_abdcc6aa2208dbcae5e1ff09facc4ffe.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек мэриясы, мектеп, бала бакча
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек мэриясы, мектеп, бала бакча
Бишкектеги мектептер менен бала бакчалар качан ачылары айтылды
11:07 08.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) 18-январдан баштап 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары офлайн режиминде билим алышат. Балдар шахматтык түрдө отургузулуп эки сменге бөлүнүшөт.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Бишкекте 18-январдан тарта айрым мектептер кадимки режимде иштей баштайт. Ал эми 20-январда бала бакчалар ачылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор калаада эпидкырдаал турукташып калды. Буга байланыштуу билим берүү мекемелеринин ишин жандантуу чечими кабыл алынды. Бишкектин башкы санитардык дарыгери окуу процессин этап-этабы менен жандантууну колдогон.
Бала бакчалар 20-январдан тарта иштей баштайт.
"18-январдан баштап 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары офлайн режиминде билим алышат. Балдар шахматтык түрдө отургузулуп эки сменге бөлүнүшөт. Мындай форматта 1-февралга чейин окушат. Ал эми эпидемиологдор кырдаалга көз салышат", - дешти мэриядан.
Эгер көрсөткүчтөр туруктуу болсо, мектепке бардык окуучулар бара баштайт. Ал эми ар кандай себептерден улам офлайн-сабакка катыша албаган балдарды онлайн-окутуу маселеси каралат.