00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
09:58
2 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Не мусор, а ресурс: как войлок и шкуры превращаются в экологичный бизнес
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстандагы курулуш кандай инновациялык чечимдерге муктаж? — курулуш нормалары, илимий изилдөө
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Кыргызстан и Таджикистан: что изменил визит Садыра Жапарова в Душанбе
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Унааларды милдеттүү камсыздандыруу кандай ишке ашууда? – Көзөмөлдөө жана айып салуу иштери кандай жүрөт?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Начар билим жана коррупцияга каршы күрөш — эмнеге сырттан окууга мораторий кирүүдө?
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Глобалдык климаттын өзгөрүүсү тоодогу тынч көлдөрдү коркунучка айландырды
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кайсы өлкөдө пенсиялык система мыкты? Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү пенсиялык системалар
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
От студента до министра: кого выпускает экономический факультет КРСУ
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Мөңгүлөрдү сактап калуу үчүн геопарк куруу зарыл. Гляцеологдор менен маек
19:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Меняющие мир
Маленькие пациенты — большой стресс: как работают детские хирурги
20:06
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Глобалдык климаттын өзгөрүүсү тоодогу тынч көлдөрдү коркунучка айландырды
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жолдошум менен жарашуудан корком. Ажырашкан келиндин каты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыз бетин жаап отурат. Иллюстративдик сүрөт
Кыз бетин жаап отурат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына турмушун кайсы багытка бурууну билбей жаткан келиндин каты жарыяланды.
Саламатсыздарбы. "Психолог менен баарлашуу" рубрикасына үй-бүлөлүк маселем менен кайрылып жаттым эле. Күйөөм экөөбүз бир жылдан ашык убактан бери таарынышып, эки башка жашап жүрөбүз. Беш жыл бирге турдук. Жашыбыз отуздарда, уулубуз бар. Ажырашуубуздун себеби да турмуштук келишпестиктер болуп калды. Ортодо көп сөздөр чыккан. Экөөбүздүн тең ата-энелерибиз киришип, жаман-жакшы айтышып калышкан. Күйөөм да ажырашып жүргөн убакта бир келинге үйлөнөм деп чыгып токтоду. Кыскасы, күнөө экөөбүздөн тең болду. Алгач жакшы эле жашап жүрүп, анан күйөөмдүн иши жакшы жүрүшпөй баштаганда уруш көбөйдү. Чынын айтканда, ала жипти аттап коймою бар. Мени "акча кармай албайсың, мотивация бергенди билбейсиң. Тың эмессиң", — деп күнөөлөйт. Өзү акчаны, байлыкты өтө жакшы көрөт. Бир-эки жолу кыз-келиндер менен кармап калгам. Мен үйдүн эркеси элем. Күйөөмдүн ар бир кылыгын, урушубузду апама, эжелериме айтып, чалып ыйлай берчүмүн. Беш жыл ичинде төркүнүм күйөөмдү көргүсү да келбей калды. Башында ага маани деле берген эмесмин, "болду ажырашам" деген ойдо элем. Акыркы күндөрү кайненем да уулуна болушуп, үйдөгү урушка кирише баштаган. Мен да ал кишиге тил кайырчу болгом.  Ошентип эки жаат болуп кармашып отуруп, үйдөгүлөр мени алып кетишти.  Кайненем, кайын эжелерим да "кет" деп туруп алышты.
Аял менен эркек кол кармашып турат. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Күйөөм экөөбүздүн ортобуздагы мамиле сууп кетти... Келиндин даты
Алты айдан кийин ажырашканыма өкүнүп калдым. Баары бир балам батпай койду. Жеңемдин балдарды урушканы, апамдардын тыйганы мага катуу тиет. Уулум да атасын жакшы көрүп, чаң жугузбайт. Кыскасы, учурда күйөөм "жарашалы" деп жатат. Бирок ал да ата-энемди жактырбайт. "Сени менен жарашам, бирок ата-энең менен катышпайбыз",— дейт. Апам да жарашайын десем "өзүң бил" дегени менен күйөөмдү көргүсү жок. "Жарашсаң, экинчи чалып ыйлаба" деди. Чечим чыгара албай, ичимден бушайман болуп жүрөм. Жолдошум "чечкиндүү эмессиң" дейт. Мен болсо жарашып алып, бармагымды тиштеп калуудан корком. Баарына чыдап кете аламбы? Билбейм. Бирок төркүнүмдө жүргөндө деле жыргабайм. Кандай кылам?

Гүлнара Жасоолова, психолог:

— Негизи эле башынан ата-эне баланы эрке кылып тарбияласа, адамда "мен" деген концепция терең орношот. Алар көп учурда башкалардын оюн, ал-ахыбалын түшүнө алышпайт. "Кандай болсом, коом да мени ошондой кабыл алышы керек", — деген ой жүрүм-турумунда калыптанып калат. Каттын ээси эрке өскөнүн айтууда. Башка турмуш курган күндө деле аны менен да ушундай келишпестик чыксачы. Анткени көбүнчө өзүмчүл адамдар "күйөөм мени бөпөлөшү керек" деген ойдо мамиле жасайт. Мен бул турмуштан ажырашууга эч кандай олуттуу себеп көргөн жокмун. Болгону психологиялык зомбулук болууда. Башкача айтканда, ортодогу түшүнбөстүктөрдөн улам келин күйөөсүн, күйөөсү аялын басмырлаган сөздөр айтыла берет. Туура, бир кишини жамандай берсек коомчулук да аны "жаман" деп кабыл алат. Ошентип ортодо ажырым пайда болот. Төркүнүңүз да ошол себептен күйөөңүздү жаман көрүп калган. Кайра жарашуудан коркоруңузду жазыпсыз. Бирок төркүндө жүрө берсеңиз кандай болот? Ошол жагын да салмактап көрүңүз. Ата-энеңиз карыйт, бир туугандарыңыздын балдары чоңоёт. Балдарда да басымдуулук кылуу пайда болот. Айтарым, бул жолдошуңуз менен отуруп алып эле чечишип ала турган маселе экен. Эгер өзүңүздү же жолдошуңузду түшүнө албай, анализдегиңиз келсе психологияда транзактык анализ деген түшүнүк бар. Ошол жагынан маалымат алсаңыз болот. Ажырашуу оңой, бирок кийин бат эле өкүнүп калууга мүмкүн. Каттын ээси азыр ушул процесстерди өтүп жатыптыр. Жаратылышта деле биринчи чартылдап чагылган түшөт, анан жаан жаап, күн ачылып кетет. Адам да алгач ачуусу келгенде сабырдуулук кылууга аракет кылып, акыл токтоткону жакшы.
Жаңылыктар түрмөгү
0