Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Бейшембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым райондордо туман түшөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. 24-декабрь, бейшембиде, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -2...+3, Таласта 0...+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында +1...+6, Нарын жергесинде -4...-9 градус болот.

Бул күнү термометр Бишкекте -1...+1, Ошто +2...+4 градусту көрсөтүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0