Бишкекте айфон уурдады деп шектелген УКМК кызматкери жумуштан айдалды. Видео

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүВ России поступили в продажу новые Iphone
В России поступили в продажу новые Iphone - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция адегенде сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Кийин тергөөдөгү суракта кылмыш курамы жок экенин аныктаган.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Милиция Бишкектин кафелеринин биринде болгон уурулуктан кийин УКМКнын кызматкери жумуштан четтетилгенин айткан. Буга чейин Sputnik редакциясына Кыргызстандын тургуну кайрылып, УКМК кызматкери анын телефонун жана акчасын уурдап кеткенин билдирген болчу.

"Өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырган Адилет аттуу адам 21-ноябрда менин iPhone телефонумду жана капчыгымдагы 47 миң сом акчамды уурдап алган. Күч органынын өкүлү ушундай жолго барса, кимден жардам сурарыңды да билбей калат экенсиң. Тартипти көзөмөлдөгөндөр өздөрү баш болуп мыйзамсыз иштерди жасап жатышат. Алар мыйзамга баш ийбейби?" — деп суроо салган ал.

Ал арада Бишкектин Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматы 23-ноябрда Д.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылганын билдирет.

Бишкекте бирөөнү опузалоо үчүң эки жигит кармалды - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте бирөөнү опузалап 380 миң сом талап кылды деп эки жигит кармалды. Сүрөт
"Жабырлануучунун айтымында, 21-ноябрда саат 7:00дөр чамасында Юнусалиев көчөсүндө белгисиз бирөөлөр анын баасы 35 миң сомдук iPhone телефонун жана 47 миң сом акчасын алып кеткенин айткан", — деп айтылат милициянын маалыматында.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин 200-беренеси ("Тоноо") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Бирок кийинчерээк милиция сотко чейинки өндүрүштү токтоткон.

Тергөөдөгү суракта аныкталгандай, Д.Н. аттуу жаран өзүнүн телефонун жана акчасын жоготкондон кийин кафеде бирге отурган А.М. аттуу тааныш жаран менен байланышкан. Ал жабырлануучунун жоготкон буюмдары мейманканалардын биринде калганын айтып, кийин гаджетти алып кеткен.

"А.М. аттуу жаранды суракка алганда ал кафенин чыгымын Д.Н. аттуу жарандын эсебинен төлөгөнүн билдирген. Д.Н. өзүнөн карызга 100 доллар алып төлөөгө макулдук берген. Ал эми Д.Н. iPhone телефонун А.М. аттуу жарандын унаасында өзү талкалап алганы тергөөдө аныкталды", — деп айтылат Ички иштер башкармалыгынын маалыматында.

Милиция белгилегендей, жогоруда айтылгандардан улам А.М. аттуу жаранда башка бирөөнүн мүлкүн жашыруун уурдап алуу ниети болгон эмес. 20-декабрда Октябрь райондук милициясынын тергөө кызматы Кылмыш кодексинин 26-беренесинин ("Кылмыш ишин кароону жокко чыгаруучу жагдайлар") негизинде сотко чейинки өндүрүштү токтотуу чечимин кабыл алган.

Ал арада УКМКнын маалымат кызматы бул иш боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, шектелген кызматкер коопсуздук кызматынын катарынан четтетилгенин билдирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0