БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев кызматтан кетти. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Анын өз арызынын негизинде ээлеген жумушунан бошотулганы айтылууда.
Турдуев биринчи вице-мэр кызматына 2018-жылдын май айында дайындалган.