БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 132 киши коронавирус жуктуруп алды, ал эми 225 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
- Бишкек — 45;
- Ош — 6;
- Чүй облусу — 21;
- Талас облусу — 5;
- Нарын облусу — 1;
- Ысык-Көл облусу — 32;
- Жалал-Абад облусу — 16;
- Баткен облусу — 6.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус аныкталган кишилердин саны 79 254кө жетти.
Ал эми COVID-19дан сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда, төмөнкү жактарда катталды:
- Бишкек — 80;
- Ош шаары — 23;
- Чүй облусу — 34;
- Ош облусу — 5;
- Талас облусу — 6;
- Нарын облусу — 4;
- Ысык-Көл облусу — 28;
- Жалал-Абад облусу — 24;
- Баткен облусу — 21.
Ушуну менен жугуштуу ооруну жеңгендердин саны 73 005 болду.
Ал эми COVID-19 илдетинен сутка ичинде бир адам көз жумган. Ал Баткен облусунда дарыланып жаткан. Каза болгондордун жалпы саны 1 331ге жетти.
Ошондой эле стационарда 1 636 бейтап дарыланууда. Анын ичинде 28 адам канааттандырарлык абалда, 1088и орточо, 438и оор, 82си өтө оор абалда.