Төрт адам каза таап, 85 киши оор абалда жатат. Кыргызстандагы COVID

© REUTERS / Maxim ShemetovОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы мезгилде Кыргызстандын ичинде COVID-19 инфекциясынан каза тапкандар күн сайын катталып жатат.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус төрт кишинин өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

Алар:

  • Бишкек шаарында — 1;
  • Ош облусунда — 2;
  • Баткен облусунда — 1.

Кыргызстанда жалпысынан COVID инфекциясынан 1 328 адам каза болду.

Учурда стационарда Кыргызстан боюнча 1 694 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен:

  • 24 адам - канааттандырарлык абалда;
  • 1109 - орто оордукта;
  • 476 - оор абалда;
  • 85 - өтө оор абалда жатат.

Ал эми амбулатордук дарыланууда 2 551 адамдын бар экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0