Момун чалдан король Лирге чейин. Актёр Марат Алышпаевдин сүрөттөгү ирмемдери

Жазылуу
Кыргыз эл артисти, белгилүү кино жана театр актёру Марат Алышпаев 73 жашка чыкты. Sputnik Кыргызстан өмүрүн сахнага арнаган инсандын чыгармачылыгындагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.

Марат Алышпаев 1947-жылы 17-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында туулуп, элеттеги мектепти 1965-жылы аяктагандан кийин Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетине тапшырган. Бирок 2-курста окуп жүргөндө Москвадагы театралдык институттан мугалимдер жаш таланттарга сынак жарыялап, жаш жигит андан өтүп кетип, башка шаарга жол тарткан.

Киргизский ССР в годы Великой Отечественной войны - Sputnik Кыргызстан
Уулунун ордуна заводдо слесарь болгон эне. Согуштун азабын тарткан Кыргызстан
Ал жогорку окуу жайды 27 жашында бүтүп, эмгек жолун Ош шаардык драма театрында баштаган. Сахнада дүйнөлүк классикадагы Гамлет, король Лирден баштап, кыргыз элинин бир топ чыгармаларында 100гө жакын образ жараткан. Ал эми кинодо 20дан ашык тасмада роль аткарып, азыркыга чейин кинематографисттер менен тыгыз иштешип келет.

Андан сырткары, таланттуу актёр Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук куудулдар театрын негиздеп, 2003-жылы Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын директору, Маданият жана маалымат министрлигинин Искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенген.

© Фото / из личного архива Марата АлышпаеваШекспирдин "Макбет" пьесасында Дункандын образында
Шекспирдин Макбет пьесасында Дункандын образында - Sputnik Кыргызстан
1/15
Шекспирдин "Макбет" пьесасында Дункандын образында
© Фото / из личного архива Марата АлышпаеваТеатрдагы сахналаштар: актриса Жамиля Сыдыкбаева менен актёр Марат Алышпаев, 1977-жыл
Театрдагы сахналаштар: актриса Жамиля Сыдыкбаева менен актёр Марат Алышпаев, 1977-жыл - Sputnik Кыргызстан
2/15
Театрдагы сахналаштар: актриса Жамиля Сыдыкбаева менен актёр Марат Алышпаев, 1977-жыл
© Фото / из личного архива Марата АлышпаеваКыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти театрда 100гө жакын образ жараткан
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти театрда 100гө жакын образ жараткан - Sputnik Кыргызстан
3/15
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти театрда 100гө жакын образ жараткан
© Фото / из личного архива Марата АлышпаеваТергөөчүнүн ролун аткарган Гүлсара Ажыбекова жана соттолуучу Марат Алышпаев иш учурунда
Тергөөчүнүн ролун аткарган Гүлсара Ажыбекова жана соттолуучу Марат Алышпаев иш учурунда - Sputnik Кыргызстан
4/15
Тергөөчүнүн ролун аткарган Гүлсара Ажыбекова жана соттолуучу Марат Алышпаев иш учурунда
© Фото / из личного архива Марата АлышпаеваБакы Өмүралиевдин сахналаштырылган "Жаңырык" чыгармасы, Зелениндин образын аткарган Марат Алышпаев, Арапбаеванын ролунда Назира Мамбетова
Бакы Өмүралиевдин сахналаштырылган Жаңырык чыгармасы, Зелениндин образын аткарган Марат Алышпаев, Арапбаеванын ролунда Назира Мамбетова - Sputnik Кыргызстан
5/15
Бакы Өмүралиевдин сахналаштырылган "Жаңырык" чыгармасы, Зелениндин образын аткарган Марат Алышпаев, Арапбаеванын ролунда Назира Мамбетова
© Фото / из личного архива Марата АлышпаеваУильям Шекспир "Король Лир" пьесасында Глостердин ролунда, 1998-жыл
Уильям Шекспир Король Лир пьесасында Глостердин ролунда, 1998-жыл - Sputnik Кыргызстан
6/15
Уильям Шекспир "Король Лир" пьесасында Глостердин ролунда, 1998-жыл
© Фото / из личного архива Марата АлышпаеваДраматург Фридрих Дюрренматтын комедиясын аткарган актёрлор
Драматург Фридрих Дюрренматтын комедиясын аткарган актёрлор - Sputnik Кыргызстан
7/15
Драматург Фридрих Дюрренматтын комедиясын аткарган актёрлор
© Фото / из личного архива Марата АлышпаеваКРдин эл артисти театрда Чыңгыз хандын образында
КРдин эл артисти театрда Чыңгыз хандын образында - Sputnik Кыргызстан
8/15
КРдин эл артисти театрда Чыңгыз хандын образында
© Фото / Бегим Жолдубай кызыБелгилүү актёр Марат Алышпаев, режиссёр Бакыт Мукул жана жаш киночу Дастан Жапар уулу тасма тартуу учурунда
Белгилүү актёр Марат Алышпаев, режиссёр Бакыт Мукул жана жаш киночу Дастан Жапар уулу тасма тартуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
9/15
Белгилүү актёр Марат Алышпаев, режиссёр Бакыт Мукул жана жаш киночу Дастан Жапар уулу тасма тартуу учурунда
© Sputnik / Александр ФедоровКыргыз кинематографисттер Марат Алышпаевдин өнөрүн баалап азыркыга чейин өз тасмаларына тартып келет
Кыргыз кинематографисттер Марат Алышпаевдин өнөрүн баалап азыркыга чейин өз тасмаларына тартып келет - Sputnik Кыргызстан
10/15
Кыргыз кинематографисттер Марат Алышпаевдин өнөрүн баалап азыркыга чейин өз тасмаларына тартып келет
© Фото / из личного архива Марата АлышпаеваЗалкар актёр Советбек Жумадылов көз жумганда Марат Алышпаевди анын ордун баса турган актёр катары санашкан
Залкар актёр Советбек Жумадылов көз жумганда Марат Алышпаевди анын ордун баса турган актёр катары санашкан - Sputnik Кыргызстан
11/15
Залкар актёр Советбек Жумадылов көз жумганда Марат Алышпаевди анын ордун баса турган актёр катары санашкан
© Фото / Бегим Жолдубай кызы"Акыркы көч" тасмасында актёр башкы ролдо
Акыркы көч тасмасында актёр башкы ролдо - Sputnik Кыргызстан
12/15
"Акыркы көч" тасмасында актёр башкы ролдо
© Фото / из личного архива Марата АлышпаеваКРдин эл артисти кыздары Нази, Диана менен
КРдин эл артисти кыздары Нази, Диана менен - Sputnik Кыргызстан
13/15
КРдин эл артисти кыздары Нази, Диана менен
© Фото / из личного архива Марата Алышпаева"Президент жана бомж" тасмасында актёр өлкө башчысынын ролунда
Президент жана бомж тасмасында актёр өлкө башчысынын ролунда - Sputnik Кыргызстан
14/15
"Президент жана бомж" тасмасында актёр өлкө башчысынын ролунда
© Фото / из личного архива Марата АлышпаеваАктёр келинчеги ырчы Дилбар Райымбекова менен учурда эки кызды тарбиялап келишет
Актёр келинчеги ырчы Дилбар Райымбекова менен учурда эки кызды тарбиялап келишет - Sputnik Кыргызстан
15/15
Актёр келинчеги ырчы Дилбар Райымбекова менен учурда эки кызды тарбиялап келишет
Жаңылыктар түрмөгү
0