БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Жоламан Шаршенбеков Дүйнө кубогу мелдешинин чемпиону болду. Финалдык беттеште ал россиялык Степан Марянянды утуп алды.
Кармашты UWW уюмунун расмий сайты түз алып көрсөттү.
Беттеш 4:4 эсебинде аяктап, акыркы аракетти жасаган артыкчылыгы үчүн кыргызстандык балбанга жеңиш ыйгарылды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Жоламан 60 килограмм салмакта күч сынашкан.
Буга чейин 72 килограмм салмакта дагы бир кыргызстандык балбан Руслан Царев коло байге уткан.
Чейрек финалда Жоламан Европанын 2019-жылдагы чемпиону молдовалык Виктор Чебанды жеңген. Анда мыкты оюн көрсөтүп, 8:0 эсебинде артыкчылык кылган.
Жарым финалды кыргызстандык спортчу түркиялык Ахмет Уярды 5:1 эсебинде утуп алган.
Башкы беттеште ал россиялык Степан Марянянга жеңилүү ызасын тарттырды. Ал Европанын 2019-жылдагы чемпиону, Дүйнө кубогу менен европалык оюндарда эки ирет ийгилик жараткан болчу.
Кыргызстандык спортчу биринчи бөлүктө 4:0 эсебинде утулуп жаткан. Демилгени колго алып, акыркы жасаган натыйжалуу аракети менен төрт упай ала алды.