БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Көчөдө көп адам чогулган жерде бет кап тагынуу керек. Башка учурларда суукта тагынуунун зарылдыгы жок. Анткени ал тез эле суу болуп, тоңуп калат. Бул тууралуу дарыгер-инфекционист Елена Белова билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бет капты адам башкалардан вирус жуктуруп алуудан коргонуу үчүн тагынат. Ал сууктан коргоп же жылытпайт. Эгер суукта эл аз жерде кетип баратсаңар, анда бет капты чечип эле коюш керек. Анткени дем алганда ал бууланат. Бет капты туура тагынуу боюнча инструктаж өткөндө, маска сууланып калса алып ыргытып салуу зарылдыгын эскерткенбиз", — деди дарыгер.
Анын айтымында, бет капты эл көп чогулган жерден эле, мисалы, аялдамадан тагынган оң.
"Адам дем алып, жөтөлүп, бет капка чүчкүрсө коргоочу каражат суу болуп, андан кийин тоңуп калат. Аны менен кошо адам өзү да үшүйт. Мунун кереги барбы? Мындай учурда бет капты чечип эле салган туура", — деди Белова.
Дарыгер адам имараттын ичинде жалгыз болсо да бет кап тагынбай эле койсо болорун белгилеген.
Дарыгер-инфекционист, профессор Николай Малышев кесиптешинин оюна толугу менен кошулат. Анын айтымында, сууланышып калган бет кап вирустан коргой албайт. Андыктан суукта аны тез-тезден алмаштырып туруу зарыл. Ал эми киши көп топтолбогон жерге барганда чечип эле койгон жакшы.