Акылга сыйбаган жапайы жаратылыш. Дүйнө жүзүнөн чогулган мыкты 15 сүрөт
Акылга сыйбаган жапайы жаратылыш. Дүйнө жүзүнөн чогулган мыкты 15 сүрөт
Sputnik Кыргызстан
"Алтын таш бака" эл аралык сынагынын калыстар тобу быйылкы жылдын жеңүүчүлөрүн атады. Sputnik Кыргызстан агенттиги ааламдын ар бурчунан тартылган сүрөттөрдү... 05.12.2020, Sputnik Кыргызстан
"Алтын таш бака" эл аралык сынагынын калыстар тобу быйылкы жылдын жеңүүчүлөрүн атады. Sputnik Кыргызстан агенттиги ааламдын ар бурчунан тартылган сүрөттөрдү сунуштайт.
Фотографтардын сынагы Москвада жыл сайын жапайы жаратылыш фестивалынын алкагында өткөрүлүп келет. Быйыл пандемиядан улам иш-чара онлайн форматта 20-ноябрдан 13-декабрга чейин болууда. 14 жылдын ичинде сынакка 137 мамлекеттен 22 миң кесипкөй фотограф катышкан. Конкурс 17 номинация боюнча жеңүүчүнү тандайт.
Италиялык Франческо Визинтин "Жыл фотографы" наамына ээ болду. Анын Лос-Ислотес аралында суу алдындагы каньондо сүзүп бараткан тюллендин сүрөтү мыкты деп табылган
"Жаныбардын портрети" номинациясында аргентиналык Адрина Клаудия Санц жеңүүчү болду. Фотограф ушу тапта жоголуп бара жаткан квакш түрүндөгү баканы тартып алган
Сууда сүзүп жүргөн өрдөктөр. Норвегиялык Терье Колаастын дрон менен тарткан сүрөтү "Жапайы жаратылышты тартуудагы жаңы технологиялар" номинациясын утуп алды
"Жаратылыш койнундагы жаныбарлар" номинациясында польшалык Марчин Добастын сүрөтү мыкты деп табылды. Ал тоолуу аймакты байырлаган кеа тоту кушун тарткан