Артем Новиков Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге сөгүш берди

© Фото / пресс-служба ГНС КРСалык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев. Архив
Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн башкы салыкчысынын сөгүш алышына "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрмө пунктундагы иштер себеп болушу ыктымал.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Өкмөттүн маалымат кызматы Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге сөгүш берилгенин билдирди.

Анда Абдалиев өзүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы белгиленет.

Мурдагы депутат Анарбек Калматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президенттин ЖКдагы өкүлү Дыйканбаев иштен алынып, ордуна Калматов дайындалды
Тийиштүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон.

Жакында эле өкмөт башчынын милдетин аткаруучу "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү пунктунда Салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкуловго каарын төккөн. Анын ачуусун келтиргени — ноябрдын аягында ишке кирип, товарлардын эсебин ала турган системанын алигече үкөктөн чыгарылбай турганы болгон.

Бирок кийин салык кызматы ал иштерге башка мамлекеттик органдар жооптуу экенин айтып билдирүү тараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0