Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ай сайын Бишкек шаарындагы 104, 105, 106-сериялардагы, "хрущевка" жана жеке типтеги батирлердин сатылган бааларына байкоо жүргүзүп келет.
Бул материалды даярдоодо 3 891 жарыя иликтөөгө алынган. Ачык маалыматтардагы бааларга ылайык, бир бөлмөлүү батирдин орточо наркы ноябрь айында төмөнкүнү көрсөттү:
- 104-серия — 30 200 доллар (23 000ден 35 500 долларга чейин);
- 105-серия— 29 300 (21 500дөн 40 000ге чейин);
- 106-серия —32 500 (23 500дөн 44 000ге чейин);
- "хрущевкалар" — 26 600 (21 500дөн 36 500гө чейин);
- жеке типтеги батирлер — 29 200 (14 000ден 56 500гө чейин).
Эки бөлмөлүү батирлердин орточо наркы:
- 104-серия — 36 500 доллар (29 000ден 46 000 долларга чейин);
- 105-серия— 42 000 (30 000ден 54 500гө чейин);
- 106-серия — 44 000 (27 500дөн 65 500гө чейин);
- "хрущевкалар" — 33 600 (26 500дөн 48 500гө чейин);
- жеке типтеги батирлер — 41 300 (18 500дөн 90 000ге чейин).
Үч бөлмөлүү батирлердин орточо наркы:
- 104-серия — 44 300 доллар (35 000ден 61 500 долларга чейин);
- 105-серия— 53 100 (32 500дөн 86 500гө чейин);
- 106-серия — 56 500 (39 500дөн 76 500гө чейин);
- "хрущевкалар" — 41 200 (27 500дөн 51 500гө чейин);
- жеке типтеги батирлер — 56 300 (27 500дөн 157 000ге чейин).