Кыргыз маданиятынын өнүгүп-өсүшү үчүн эмгектенген инсанды Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы туулган күнү менен куттуктап, ден соолугун сурап маек курду.
— Акыркы жылдары сыркоолоп кичине театрдан алыстап калдыңыз. Учурда эмне менен алек болуп жатасыз?
— Ооруп жүргөнүмө беш жарым жыл болуп кетиптир. Кудайга шүгүр, азыр ден соолук жакшы. Үйдө эле китеп окуп, өткөн-кеткенди, залкарларды эскерип китеп жазып жатам. Бутум дагы баспай калды, ошондуктан акырын кыбырап чыгармачылык менен эле алекпиз.
— Жаш кезде күрөш менен машыгып, лыжа тээп калганыңызды көпчүлүк билет. Пенсия курагына келгенде ошол машыгуулар жардамын берет бекен?
— Спорт адамдын кан басым ооруларына анча таасир бербейт экен. Ал эми чыгармачылыкта чоң жардам берди. Бизде техникалык кыймылдарды өздөштүргөн сабак болчу, анда сахнадагы мушташ, чабыш жана башка кыймылдарды аткарчубуз. Ошонун баарын жеңил аткарып, мугалим болуп жүргөндө жаштарга дагы сабак бердим.
— Мектепти аяктагандан кийин эле театр чөйрөсүнө аралашып, бүт өмүрүңүздү арнадыңыз. Ошол маалда сахнасыз жашай албай калам деп ойлочу белеңиз?
— Бала кезимде Нарын шаарында жүргөндө эле театрга көп барып, бир дагы премьераны калтырчу эмесмин. Ага карабай актёр болом деген жокмун, бирок театр мени өзүнө тарта берчү. Жан дүйнөмдө кызыгуу пайда болсо керек деп ойлоп калам. Кийин тагдыр ушул жакка мени алып келип койду. Кыргыз академиялык драма театрынын алдындагы студияда эки жыл окуп, залкарларды көрүп аралашып, кызыгуум арта баштады. Так ошол маалда биротоло чыгармачылык менен кетүүнү чечип, Ташкенттеги театралдык институтка окуганы кеткем. Андан бери баш-аягы 46 жыл театр дүйнөсүндө жүрөм. Мурун залкарлар "театр деген апийим" деп айтып калышчу, ошонун чындыгы бар экен. Адамды өзүнө арбап алган өзүнчө бир дүйнө. Негизи чыгармачылыкта жан дүйнөң менен кирип, ал жакта жашоонун өзү эле бакыт.
— Адам жашоосунда кылган аракети, сүйлөгөн сөзү, эңсеген тилегинин жемишин көрөт дешет. Сиз бул пикирге кошуласызбы?
— Чыгармачыл инсандардын арасында ийгилик бирөөнө кеч, дагы бирөөнө эрте келет экен. Башкалар жөнүндө айта албайм, бирок мен өзүмдүн тагдырыма ыраазымын. Анткени мен 37 жашымда эмгек сиңирген артист, 43 жашымда эл артисти, жогорку окуу жайдын ардактуу профессору болдум. Ошондуктан менин мамлекетке эч кандай капачылыгым жок. Анан тагдырга жараша адамды ар кандай жетишкендик коштойт. Сөзсүз адамдын сүйлөгөн сөзү, кылган тилеги инсандын өмүрүнө, жашоосуна таасир этет. Жасаган аракетине жараша эртеби-кечпи үзүрүн көрөт.
— Театр, кинодо 40 жылдан ашык убакыт жүрүп көп эле таланттуу шакирттерди тарбиялай алдыңызбы?
— 30 жылга жакын мугалим болуп иштедим, окуучуларымдын беш-алтоо КРдин эмгек сиңирген артисти болду. Көпчүлүгү республика аймагында театрларда, ата мекендик кинодо эмгектенип жатышат. Шакирттерим менен сыймыктанам, алардын жетишкендиктерин, ийгиликтерин, жасап жаткан иштерин көрүп кубанып калам.
— Чындыгында эле кыргыз маданиятына эмгегиңиз сиңди. Азыр театр же кино тармагынан кеп-кеңеш же акыл-наасат сурап кайрылышабы?
Азыр тун кызым Түркияда орус тилинен сабак берип иштейт. Уулум Айбекти элдин көпчүлүгү билет, ал ырчылык менен жүрөт. Бир неберебиз учурда өзүбүздүн колдо. Балдарым болушунча сый-урматын көрсөтүүгө аракет кылып турушат. Ата-эне кудайдан уул-кыздардын аманчылыгын, алардын билим алып, өсүп-өнүгүшүн тилейт экен да. Кудай кут кылсын, балдарым жанымда, байбичем кашымда.