Ракка кабылган кыз-келиндердин өнөрканасында жумуш кечинде башталат. Күндүз айрымдары башка жумуштарда иштеп келишет да, кечинде бир бөлмөлүү чакан цехке чогулушат. Азыр алар балдардын жылуу кийимдерин тигип жаткан кездери.
"Жашоо үчүн бирге" коомдук фондунун төрайымы Шайырбү Сагынбаеванын айтымында, түшкөн каражат рак менен азыркы тапта алышып жаткандардын химиотерапия, дары-дармегине жумшалат.
"Бул оору каражатты абдан көп талап кылат. Биздин тагдырды акча гана чечет. Жакында эле Назико деген жапжаш кыз ушул дарттан каза болду. Каражаты жок үч химиотерапиясын өткөрүп жибериптир. Бизге кеч кайрылып калды. Ал учурда пандемия болуп экобаштыктарыбыз да өтпөй жаткан. Бет кап тигип, дарыканалардан карызга дары алып болгон аракетибизди кылдык. Бирок оору өтүшүп кеткендиктен каза болуп калды. Азыр түшкөн акча менен ошол карызды жаап жатабыз", — деди Сагынбаева.
Бет кап, экобаштык өтпөй калганда алар балдардын кийимин тиге башташкан. Сагынбаева азыр кардарлар көбөйүп, буюртма көп түшө баштаганын белгиледи.
"Кийимдер жылуу, ыңгайлуу. Баасы 1000 сомдон 1500 сомго чейин. Азыр кээ бири үй-бүлө мүчөлөрүнүн баарына буюртма берип жатышат. Мындан улам чоңдорго да буюртма менен тиге баштадык. Карыздан кутулгандан кийин өзү арабада отурган жалгыз бой Ира деген аялдын дары-дармегин алып берип, химиотерапиясынын акысын төлөөгө жардам беребиз. Ал дагы ракка кабылып, жакында эле жардам сурап келди. Ирага айына 100 миң сомдой акча керектелет", — деди Сагынбаева.
"Көбүнүн акчасы жок, убагында дарыларын ичпей, химиотерапиясын албай бейтаптар каза болуп калып жатышат. Ошол себептен социалдык дарыкана ачып коюуну суранабыз. Анда дарылар чет өлкөдөн кайсы баа менен келсе, ошол нарк менен сатылат. Азыр бизде рактын дарыларын он эсе кошуп сатып жатышпайбы. Ошондуктан аялдардын ал дарыга акчасы жетпей, ала албай калышууда", — деди Кыдырмышева.
Ракты жеңгендердин бири Жылдыз Жапар кызы өнөрканага айрым аялдар ичиндеги букту чыгарып алыш үчүн келишет дейт. Анын айтымында, ооруган аялдар бири-бирин жакшы түшүнөт, кыйналып жатса бири-биринен жардамын аябайт.
"Цехке келгенден кеткенге чейин сөзүбүз да, күлкүбүз да тыйылбайт. Кадимкидей эс алып калабыз, көпкө көрүшпөсөк сагынышып кетебиз. Көп эле аялдар бул жакка келип ичиндеги айта албай жүргөн нерселерин айтып, ачылышат. Өзүм негизи аскер кызматкери болчумун. Пенсияга чыккандан кийин ооруп калып, дарттын азабын тарттым. Бирок жакындарымдын колдоосу менен жеңип, кийин ушул фонд менен аралашып иштешип калдым. Азыр колум бош болсо эле цехке келем", — деди Жапар кызы.
Рак менен ооруган кыз-келиндер үчүн биринчи кезекте жакындарынын колдоосу, анан каражат керек дейт Шайырбү Сагынбаева. Ал ооруп калган аялдарын таштап кеткен эркектер көп экенин айтып кейиди.