Ата-энем балалуу аял алышыма каршы чыгып, айлам кетти. Жесил эркектин каты

© Фото / PixabayКиши диванда отурат. Архив
Киши диванда отурат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул ирет балалуу келинди алар-албасын билбей жаткан жесил эркектин каты жарыяланды.

Саламатсыздарбы? Эркектер психологго кайрылбаса керек деп ойлочумун. Бирок башка иш түшкөндө айла жок кеңеш суроого туура келет экен.

Бетин жаап турган келин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайненем уулун кызганып, сандыгын чачып, уктабай... Келиндин каты
Эки жыл мурда келинчегим оор илдетке кабылып, каза болуп калды. Ал оору менен бир жылдай алышты, колуман келген аракеттин баарын жасадым, бирок аман алып кала албадык. Айла жок, Кудайдын маңдайга жазганын көрөт экенбиз. Ортодо үч уулубуз калды. Балдарымдын экөө мектепке барып, эс тартып калган. Бирөө төрт жашта болчу. Азыр алтыга чыгып чоң энеси, эжелери карап эптеп чоңоюп келе жатат. Аялым көз жумгандан кийин жашоого болгон кызыгуум таптакыр эле өчүп, түнт болуп калгам. Үйлөнбөйм го деп ойлогом. Бирок тирүү жандын күнү өтө берет экен. Апамдын да жашы өтүп баратат, бир күн жакшы болсо, эки күн ооруп, өзү деле араң жүрөт. "Балдарыңды жакшылап карай турган аял таап үйлөн" деп жарым жылдан бери айтып келе жатат.

Үйлөнгөндөн деле качкан жокмун. Бирок көйгөйүм андан дагы кыйыныраак болуп атат. Келинчегим курбулары менен жакшы катышчу. Алар менен менин да мамилем түз эле. Аялым ооруп жаткан учурда материалдык жактан чоң эле колдоо көрсөтүштү. Каза болгондон кийин дагы ал-абалымды сурап, "курбубуз жок болсо да сени менен катышалы" деп конокторунан калтырбай, айтор, катышты үзүшкөн жок. Алар менен жакшы мамиледе болуп жүрүп убакыт өткөндө арасынан бирөөсүн жактырып калдым. Ал келиндин жолдошу жок. Жактырып, сүйлөшүп жүргөнүмө 3-4 айга чукулдады. Байкасам жакшы, ак көңүл, балдарымды жакшы карай тургандай көрүнөт.

Азыр жашым 45те. Жактырып калган аялымдын курбусу менден эки жаш кичүү, бир кыз, бир уулдун энеси. Экөө тең чоңоюп калган. Жолдошу экөөнүн ажырашып кеткенине 7-8 жыл болуптур.

Күзгүнүн жанында турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кебетемди көрсөм эле кыжырым келе берет. Өзүн кемсинте берген келиндин каты
Апам "бирөөнү таптыңбы же караштыралыбы" дегенинен баягы келин тууралуу четин чыгардым. Аны угаары менен апам так секирди. Баласы жок эле келин ал деп болбой жатат. Апам, жеңелерим аны алышыма караманча каршы. "Жакшы болсо жакшы болгон чыгар, бирок экөөңөрдүн балдарыңар батышпай жаман болосуңар, сенин башыңды айлантып алган окшойт" деп сарсанаа.

Эмне кылышты билбей калдым. Аялымдын курбусу балдарыма жакшы эне болуп берет деген үмүтүм чоң. Бирок апамдар ага каршы чыгууда.

Эмне кылсам, эки жакты тең кыя албай кыйналып кеттим...

Муратбек Султанбеков, "Психотерапевт" аналитикалык борборунун жетекчиси:

— Үй-бүлө деген ар бир адамга керек жана ар биринде болушу шарт. Ал жок адам бактылуу боло албайт. Аялбы, эркекпи, үй-бүлөсү үчүн иштеп, үй-бүлөсү үчүн жашайт. Бул өзүнчө бир ыйык нерсе. Бирөө жарым кемисе же каза болсо, албетте, бул трагедия.

Бирок ушуну менен үй-бүлөм урап калды деп таптакыр ойлобош керек. Аялы каза болсо да балдары бар экен. Аларга баш-көз, тирек болуп, андан ары жашоону, үй-бүлөсүн улап кетүү зарыл.

Кыз пластикалык операция жасап жаткан учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бетиме пластикалык операция жасаткам, жигитим билип калабы деп корком. Кыздын каты
Кат жазган киши кайра жаңыдан үй-бүлө түзүп жаткан жок. Анын үй-бүлөсү — балдары. Ошолорго жакшы эне издеп жатат.

Сүйлөшүп жаткан келиндин да балдары бар экен. Ооба, бул ойлонто турган маселе. Себеби башка бирөө менен, анын үстүнө балалуу келин менен баш кошордо жоопкерчилик мурдагыдан эки-үч эсе көп болорун түшүнүү керек.

Бул киши энесин эч убакта "балалуу келинди кабыл албай, басынтып жатат" деп жектебесин. Анткени ар бир эне баласы үчүн да, неберелери үчүн да көп нерсени каалайт. Ал балалуу келинди алса, анын сүйүүсү, камкордугу неберелерине өз балдарынан артпай калабы деп санаа тартууда. Сүйүү, мээрим, көңүл буруу аз болуп калабы деп чочулап жатат. Бирок кеп азыр мында эмес, кеп бул адамдын өзүндө.

Башка бирөөгө баш кошордун алдында киши "үй-бүлө курууга даярмынбы?" деп өзүнө-өзү суроо бериш керек.

Ал аялды канчалык деңгээлде жактырып, экөө бири-бирин канчалык деңгээлде түшүнүшөт. Келиндин эки баласы бар болсо, жоопкерчилик мурдагыдан да көбөйөт. Ошолорду моралдык жактан да, материалдык жактан да камсыздап кетүүгө даярбы? Аларга кандай ата боло алат? Сүйлөшүп жүргөн аял күйөөсү менен ажырашып кеткен деп жазып жатат. Бирок эмне себептен ажырашканын биз билбейбиз да. Ошону да кылдаттык менен анализ жасашы керек. Жашоонун жарымын көрүп койгон киши экен. Сүйдүм, күйдүм дебей бардык аспектилерди карап, балдарынын да оюн угуп көрсүн. Бирок бүт чечимди өзү кабыл алат.

Терезени карап отурган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзүмдү үйдө кереги жок буюмдай сезем. Үй-бүлөсүнө нааразы аялдын арманы
Айтып жаткан аялы "бир турмушту көрдүм" деп, балким, экинчи никесинен ката кетирбей жашаганга аракет кылат чыгар. Балким, балдарына жакшы эне болуп берер. Ал адам менен сүйлөшпөгөндөн кийин айта албайсың. Апасына же башкаларга шылтоолобой, өзүнө ишенимдүү болушу шарт.

Эгер "баарын багып кете алам, сүйлөшүп жаткан аял менен мамилебиз эң жакшы, бактылуу үй-бүлө куруп кете алабыз" деп өзүнө ишенимдүү болсо, анда башка кеп. Эгер ою бүдөмүк болуп, өзүнө-өзү ишене албай жатса, анда коё турсун, ойлонсун.

Ата-эне бактылуу болсо, бала да бактылуу болот. Ал бакытты жасоо аял менен эркектин колунда. Тилин тиштебегендей чечим чыгарам десе өзүнө убакыт берсин, болбосо психологго деле кайрылып, бетме-бет сүйлөшсүн. Анда бардык деталдар эске алынып, андан соң багыт берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0