Курултайды элдин 51 пайызы колдойт. Конституциялык кеңешме эмнени талкуулады

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин көтөргөн адамдар. Архив
Кыргызстандын желегин көтөргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кеңешменин төрагасы кеңешме ишин жыйынтыктоо үчүн 15 күндүк убакыт жете турганын айтты, мүчөлөр секцияларга бөлүнүп талдап чыгышат.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Конституциялык кеңешменин ишмердүүлүгүнө 15 күн жетиштүү болот. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди.

Бүгүн президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүү боюнча жарлыкка кол койду. Анын курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар кирген.

Жаңы түзүлгөн Конституциялык кеңешменин алгачкы отуруму бүгүн эле башталды. Жыйында катышуучулардын бири кеңешме канча күн иштей турганын сурады.

"Убактысы белгиленген эмес, бирок 15 күн жетет деп ойлойм", — деп жооп берди Бөрүбашев.

Ошол эле катышуучу ар ким өзүнүн планын бекитип алышы үчүн баары бир белгилүү мөөнөт коюу керектигин айтты.

"Бул абдан актуалдуу маселе, 15 күн жетет деп ойлойм. Ошол үчүн секцияларга бөлүнүп иштеп жатабыз", — деп кайра жооп берди Бөрүбашев.

Канча адам катышышы керек

Кыргызстан эл аралык университетинин доценти Таалайбек Исманов мурдагы мыйзамдардын баары кынтыксыз болгонун, себеби аны эл талкуулаганын айтты. Буга байланыштуу катышуучулардын санын көбөйтүү сунушу менен кайрылды.

"Биздин эшиктер ачык, ошондой эле ачык эшик күнүн өткөрүү пландарыбыз бар. Эгер керек болсо президенттин милдетин аткаруучудан дагы ондогон адамды кошуп беришин сурайбыз", — деди Бөрүбашев.

Кийин юстиция министри Марат Жаманкулов жыйын өтүп жаткан залга көп адам батпай турганын жана өлкөдө өзгөчө кырдаал режими бар экенин эскертип, сайтка маалыматтарды жайгаштыруу сыяктуу башка альтернативалык жолду сунуштады.

Вице-президент жана курултай

Катышуучулардын бири жаңы Конституция долбоорунда сунушталган элдик курултай институтун мактоого алды.

Депутат Дастан Бекешев  - Sputnik Кыргызстан
Президенттик аппараттын кызматкерлери жоопко тартылсын. Депутаттын талабы
Анын айтымында, 10 жыл мурун курултайды эч ким колдобой келген, ал эми азыр калктын 51 пайызы колдоп жатат. Бирок мындай тыянакка эмненин негизинде келгенин, сандарды кайсы сурамжылоодон алганын айткан жок.

Дагы бири АКШнын үлгүсүндө вице-президент деген кызматты негиздөөнү сунуштады. Ага ылайык, шайлоодо президент менен вице-президент экөөнү тең шайлайт. Муну менен өкмөт башчынын ролу турукташып, тез-тез алмашууга жол берилбейт.

Белгилей кетсек, бүгүн жаңы Конституция долбоору боюнча жарандык коомдун талкуусу өтүп, сунушталган долбоорду кескин сынга алышты.

Чуу менен башталган баш мыйзамдын долбоору

Жаңы Конституция долбоору Жогорку Кеңештин сайтына 17-январь күнү кечинде коомдук талкууга коюлду. Референдумду 10-январда президенттик шайлоо менен биргеликте өткөрүү сунушталып жатат.

Кыргызстандын экс президенти Роза Отунбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Донорлор бизге сыртын салып коюшу мүмкүн. Отунбаева жаңы Конституция тууралуу
Жаңы Конституция жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун 80 депутат демилгелегени көрсөтүлгөн. Бирок анын ичинен айрымдары автор эмес экенин айтып чыгышты, кээ бири кол тамгасын артка чакыртып алууда.

Долбоордо президент бардык бийликти бир колго чогултууга шарт түзүлүп, тең салмактуулук сакталбай калары айтылууда. Ал арада юристтер ансыз да легитимсиз иштеп жаткан парламент жаңы Конституцияны алып чыгууга акысы жок экенин билдирүүдө.

Президенттин укуругун узартууга багытталган Конституциянын жаңы долбоорунун негизги учурларын Sputnik Кыргызстандын материалынан окуй аласыздар.

Жаңыдан түзүлгөн кеңешменин төрагасы болуп Бекбосун Бөрүбашев дайындалып, ага эки орун басар бекитилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0