00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Без «народных адвокатов»: кто теперь имеет право представлять ваши интересы в суде
08:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо мыйзамы сунушталууда. Ишкерлике бул эмне берет?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:04
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Донорлор бизге сыртын салып коюшу мүмкүн. Отунбаева жаңы Конституция тууралуу

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын экс президенти Роза Отунбаева. Архив
Кыргызстандын экс президенти Роза Отунбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-президент Венеция комиссиясы жана башка эл аралык уюмдар Кыргызстандагы кырдаалга байкоо салып жатканын айтып өттү.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Чет элдик донорлор жүз буруп, Кыргызстанга өтө керектүү каражаттарды бербей коюу кооптуулугу бар. Бул туурасында өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаева жаңы Конституция долбоорун жарандык коомчулук менен талкуулоо учурунда билдирди.

Анын айтымында, Венеция комиссиясы жана башка эл аралык уюмдар Кыргызстандагы кырдаалга байкоо салып жатышат.

"Садыр Жапаровдун өкмөтүнө биздин бюджет ашып барса эки миллиард долларга жетерин эскертип коёюн. Анын 20 пайызга чукулу тышкы гранттык жардамдар менен толукталып жан багып жатпайбызбы. Бюджетибиз эңшерилип турса, бизден баары жүз буруп кете турган кооптуу кадамга барып жатабыз. Бул Кыргызстан үчүн коркунучтуу деп ойлойм", — деди Отунбаева.

Ошондой эле ал донорлордун акчасы жолдорду курууга, энергетиканы өнүктүрүү, инфраструктураны жана саламаттык сактоо, билим берүү тармагына жумшаларын эске салды.

Кыргызстандын конституциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы Конституцияны деги ким жазды? Өзгөртүүнү демилгелеген депутаттардын жообу
"Мындай суукта, ызы-чуу учурунда жана коронавирус шартында каражатсыз калуу кооптуулугун айтып жатабыз. Биз ушундай ашынган, көкүрөк каккан аракеттерибиз менен жаңы Конституцияны жазып, эл аралык аренадагы позициябызды көрсөтүүдөбүз. Токтоткула, ойлонгула, өз элибизди кайсы жакка түртүп жатабыз. Биринчи кезекте жаңы бийлик үчүн көйнөгүн жыртканга даяр фанаттарга кайрылам", — деди ал.

Отунбаева жакында эле Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюму менен өлкөгө 25 миллион доллар тартуу (алдын ала маалымат боюнча, документке азырынча кол коюла элек) боюнча макулдашканын эске салды.

"Ал каражат тартип менен укук жогору турган бийлик бутактарына бөлүштүрүү шарты менен гана берилет. Эми биз кандай жашап турганыбызды жана азыркы бийлик өтө ашынган кооптуулукка барып жатканын таразалап көрөлүчү", — деп белгиледи экс-президент.

Эскерте кетсек, жаңы Конституция долбоору Жогорку Кеңештин сайтына 17-январь күнү кечинде коомдук талкууга коюлду. Референдумду 10-январда президенттик шайлоо менен биргеликте өткөрүү сунушталып жатат.

Жаңы Конституция жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун 80 депутат демилгелегени көрсөтүлгөн. Бирок анын ичинен айрымдары автор эмес экенин айтып чыгышты, кээ бири кол тамгасын артка чакыртып алууда.

Президенттин укуругун узартууга багытталган Конституциянын жаңы долбоорунун негизги учурларын Sputnik Кыргызстандын материалынан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0