ЖМК: "Тоттенхэмдин" чабуулчусунун 131 миң долларлык автоунаасы уурдалды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүү"Тоттенхэм Хотспур" футбол клубу жана Англия курама командасынын чабуулчусу Харри Кейн. Архив
Тоттенхэм Хотспур футбол клубу жана Англия курама командасынын чабуулчусу Харри Кейн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчуга жакын кишилердин маалыматына ылайык, Кейн футболчуларды карактаган кылмыштуу топтун курмандыгы болгон.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. "Тоттенхэм Хотспур" футбол клубу жана Англия курама командасынын чабуулчусу Харри Кейндин баасы 100 миң фунт стерлинг (131 миң 485,8 доллардын тегерегинде) турган автоунаасын уурдап кетишти. Бул тууралуу Sun маалымат булагына таянып, РИА Новости жазды.

Автоунааны Лондондун чыгышындагы Чингфорд районунан айдап кетишкен. Шектүү автокөлүк Кейндин темир тулпарынын жанынан ары-бери өткөнү видеобайкоочу камераларда жазылып калган. Чабуулчуга жакын кишилердин маалыматына ылайык, Кейн футболчуларды тоногон кылмыштуу топтун курмандыгы болгон. Ал муну кокустук эмес, атайын жасалган иш деп белгилеген.

Буга чейин, быйыл эле футболчунун командалаштары Деле Алли жана Ян Вертонгенге куралчан каракчылар кол салышкан.

"Офицерлер жабырлануучу менен байланышып, тергөө иштерин жүргүзүшкөн. Кылмышка шектүүлөр аныктала элек. Тергөө жабылган. Эгерде тергөө же далилдөө үчүн кандайдыр бир кошумча мүмкүнчүлүктөр табылса, анда алар каралат", — деп айтылат Лондон полициясынын билдирүүсүндө.

Автокөлүктүн маркасы, түсү боюнча маалымат айтылган эмес.

27 жаштагы Харри Кейн Англия Премьер-лигасынын быйылкы сезонунда жети гол киргизип, бомбардирлер тизмесинде 6-сапта келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0