Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Кыргызстан карыз төлөөнүн эң жогорку чегине качан жетет? Расмий жооп

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом купюралары жана монеталары. Архив
Сом купюралары жана монеталары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Июль айынын аягындагы маалыматтар боюнча, өлкөнүн мамлекеттик карызы 4 миллиард 824 миллион долларга жеткен.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик карыздарын төлөөнүн эң жогорку чеги 2025-2027-жылдарга туура келет. Бул боюнча Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымында, негизги суммаларды төлөө мезгили үч жылдан кийин башталат.

"Мамлекеттик береселер, өзгөчө сырткы карыздар боюнча төлөмдөр негизинен 2023-жылы башталып, 2033-жылга чейин созулат. Ал эми эң жогорку чеги 2025-2027-жылдарга туура келет. Биз бул аралыкта 400 миллион доллардан ашык төлөшүбүз керек", — деди Татиков.

Министрлик: Кытай карызды төлөө мөөнөтүн жылдырыш үчүн бир шарт коюп жатат

Белгилей кетсек, июль айынын аягындагы маалыматтар боюнча, өлкөнүн мамлекеттик карызы 4 миллиард 824 миллион долларга жеткен, анын ичинен тышкы карыз — 4 миллиард 169,6 миллион болсо, мунун 1,8 миллиарды бир гана Кытай алдындагы бересе.

Жалпы жана тышкы карыз дагы өлкө тарыхында мынчалык көбөйө элек болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0