Аттан кулап, улакты тырыша кармаган оюнчулар. Көк бөрү финалынан сүрөттөр

Жазылуу
Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү боюнча президенттик кубок өттү. Оюндун финалында "Ынтымак" менен "Достук" командалары күч сынашты.

Бул жолку оюнда "Ынтымак" командасы үстөмдүк кылып, улакты атаандашынын тай казанына үстөккө-босток ыргытып жатты. Ал эми "Достук" катуу каршылык көрсөтө алган жок. Буга командасындагы мыкты улакчылар Манас Ниязов менен Таши Майлибашевдин жоктугу таасир этти көрүнөт.

"Ынтымак" "Достуктун" айласын кетирип утуп алды. Урунттуу учурлар видеодо

Жыйынтыгында "Ынтымак" командасы чоң айырма менен 9:2 эсебинде жеңишке жетип, президенттин кубогуна ээ болушту.

Оюнду Sputnik Кыргызстан түз эфирден чагылдырды, аны толугу менен бул жактан көрө аласыздар.

Бүгүнкү көк бөрү быйылкы сезондун биринчи жана акыркы мелдеши болуп калды. Себеби карантиндик чектөөлөрдөн улам жыл башынан бери бир дагы оюн өткөн эмес.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку лиганын финалында "Ынтымак" менен "Достук" командалары күч сынашты
Финал Кубка президента по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
1/15
Жогорку лиганын финалында "Ынтымак" менен "Достук" командалары күч сынашты
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Достуктун" оюнчусу Эрсултан Айдархан уулу командасын алгачкы салым менен камсыздап берди
Финал Кубка президента по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
2/15
"Достуктун" оюнчусу Эрсултан Айдархан уулу командасын алгачкы салым менен камсыздап берди
© Sputnik / Табылды КадырбековАйыгышкан беттеште улакчылар жанын аябай ойногондуктан аттан кулаган учурлар көп эле болуп жатты
Финал Кубка президента по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
3/15
Айыгышкан беттеште улакчылар жанын аябай ойногондуктан аттан кулаган учурлар көп эле болуп жатты
© Sputnik / Табылды КадырбековОюндун кызыгына батып калган "Ынтымактын" көкбөрүчүсү аттан түшсө да улакты коё бергиси келбей тырышып турган чагы
Финал Кубка президента по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
4/15
Оюндун кызыгына батып калган "Ынтымактын" көкбөрүчүсү аттан түшсө да улакты коё бергиси келбей тырышып турган чагы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ынтымак" командасынын оюнчулары көк түстөгү, "Достуктун" улакчылары кызыл түстөгү форма кийип чыкты
Финал Кубка президента по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
5/15
"Ынтымак" командасынын оюнчулары көк түстөгү, "Достуктун" улакчылары кызыл түстөгү форма кийип чыкты
© Sputnik / Табылды КадырбековСултан Русланов улакты такымга басып алып, ыңгайы келсе эле атаандашынын тай казанына ыргытып ийүүгө даяр турат
Финал Кубка президента по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
6/15
Султан Русланов улакты такымга басып алып, ыңгайы келсе эле атаандашынын тай казанына ыргытып ийүүгө даяр турат
© Sputnik / Табылды КадырбековЧабуулчу Нуржан Мелисбек уулу бүгүн көп салым жасады. Аягында "Мыкты оюнчу" наамына ээ болду
Финал Кубка президента по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
7/15
Чабуулчу Нуржан Мелисбек уулу бүгүн көп салым жасады. Аягында "Мыкты оюнчу" наамына ээ болду
© Sputnik / Табылды КадырбековБул жолкусунда "Ынтымак" командасы оюн талаасында үстөмдүк кылып, ал эми "Достук" катуу каршылык көрсөтө алган жок
Финал Кубка президента по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
8/15
Бул жолкусунда "Ынтымак" командасы оюн талаасында үстөмдүк кылып, ал эми "Достук" катуу каршылык көрсөтө алган жок
© Sputnik / Табылды КадырбековНооруз Раатбек уулу "Аватар" аргымагы менен чаң ызгытып келип улакты тай казанга ыргытууга жетишти
Финал Кубка президента по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
9/15
Нооруз Раатбек уулу "Аватар" аргымагы менен чаң ызгытып келип улакты тай казанга ыргытууга жетишти
© Sputnik / Табылды КадырбековБүгүнкү көк бөрү быйылкы сезондун биринчи жана акыркы мелдеши болуп калды. Себеби карантиндик чектөөлөрдөн улам жыл башынан бери бир дагы оюн өткөн эмес.
Финал Кубка президента по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
10/15
Бүгүнкү көк бөрү быйылкы сезондун биринчи жана акыркы мелдеши болуп калды. Себеби карантиндик чектөөлөрдөн улам жыл башынан бери бир дагы оюн өткөн эмес.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ынтымактын" капитаны Жолдошбек Орозбаев Нуржан Мелисбек уулу ыргытып жаткан улакты чыдамсыздык менен күтүп тынчсызданууда
Финал Кубка президента по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
11/15
"Ынтымактын" капитаны Жолдошбек Орозбаев Нуржан Мелисбек уулу ыргытып жаткан улакты чыдамсыздык менен күтүп тынчсызданууда
© Sputnik / Табылды КадырбековЖыйынтыгында "Ынтымак" командасы чоң айырма менен 9:2 эсебинде жеңишке жетип, президенттин кубогуна ээ болду
Финал Кубка президента по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
12/15
Жыйынтыгында "Ынтымак" командасы чоң айырма менен 9:2 эсебинде жеңишке жетип, президенттин кубогуна ээ болду
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Достук" командасынын мыкты оюнчулары Манас Ниязов менен Таши Майлибашевдин жоктугу билинип калды. Алар жаңыдан түзүлгөн "Ала-Тоо" командасында ойношкон.
Финал Кубка президента по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
13/15
"Достук" командасынын мыкты оюнчулары Манас Ниязов менен Таши Майлибашевдин жоктугу билинип калды. Алар жаңыдан түзүлгөн "Ала-Тоо" командасында ойношкон.
© Sputnik / Табылды КадырбековБаш байгеге 500 миң, экинчи орунга 250 миң, үчүнчү орунга 120 миң сом ыйгарылды
Финал Кубка президента по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
14/15
Баш байгеге 500 миң, экинчи орунга 250 миң, үчүнчү орунга 120 миң сом ыйгарылды
© Sputnik / Табылды КадырбековУшуну менен көк бөрү оюндарынын быйылкы сезону аяктады.
Финал Кубка президента по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
15/15
Ушуну менен көк бөрү оюндарынын быйылкы сезону аяктады.
Жаңылыктар түрмөгү
0