АКШдагы шайлоо: митингден корккон ишкерлер дүкөндөрдүн эшик-терезесин бекитүүдө

© REUTERS / Brendan McDermidДүкөндүн терезелерин жаап жаткан Нью-Йорк шаарынын тургундары
Дүкөндүн терезелерин жаап жаткан Нью-Йорк шаарынын тургундары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нью-Йорктогу Trump Tower имаратынын айланасын эки катар темир тосмо менен курчап, кире беришинде куралчан полиция кызматкерлери нөөмөттө турат.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. АКШнын ири шаарларында президенттик шайлоодон кийинки элдик толкундоолордон корккон ишкерлер дүкөндөрдүн жана коммерциялык ишканалардын эшик-терезелерин тактай менен бекитип жатышат. Бул тууралуу CNN маалымдады.

​Өзгөчө Вашингтон шаарындагы Ак үйдүн аймагында жана Нью-Йорктун борбордук көчөлөрүндөгү кафе-ресторандар, дүкөндөр жана сулуулук салондору "даярдык" көрүүдө.

АКШга кандай президенттин келгени Россияга пайдалуу?

"Президенттик шайлоодон кийинки толкундоолордон коркуп ушунчалык бекинип алган имараттарды көрөм деп эч качан ойлогон эмесмин. Азыр Вашингтон, Нью-Йорк, Лос-Анджелес жана башка шаарларда ушундай көрүнүш. Жүрөк ооруйт", — деп өзүнүн Twitter баракчасына журналист Вольф Блитцер жазды.

​Нью-Йорктогу Trump Tower имаратынын тегерек четин эки катар темир менен тосуп, кире беришинде куралчан полиция кызматкерлери нөөмөттө турат.

Эске салсак, бүгүн, 3-ноябрда, АКШда президенттик шайлоо болуп жатат. Негизги таймаш учурдагы президент Дональд Трамп менен мурдагы вице-президент Жо Байдендин ортосунда болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0