Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековПрокладка дороги по улице Льва Толстого в Бишкеке
Прокладка дороги по улице Льва Толстого в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
3-ноябрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 02-Ноя. — Sputnik. 3-ноябрь, шейшемби күнү, өлкөдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында +13…+18, Ош, Жалал-Абад, Баткенде +17…+22, Ысык-Көлдө +9...+14, Нарын аймагында +7…+12 градус болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаабайт. Күндүн табы Бишкекте +16…+18 градус, Ош шаарында +20…+22 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0